Акыркы кабарлар
» Коом » Электр энергияга жаңы тариф кандай болот?
Электр энергияга жаңы тариф кандай болот?
16-февраль, 12:54


Энергетика министрлиги коомдук талкууга электр жарыгына болгон жаңы тарифти сунуш кылды. Жаңы бааларды төмөнкүдөй кылуу каралууда.
Эки тепкичтүү тариф калтырылып, 1 сомдук баадагы электр жарыгынын керектөө лимити 700 киловаттан 1,5 миң киловаттка көтөрүлөт. Белгиленген лимиттен ашыкча пайдаланылса, киловатт/саатына 2,16 сомдон алынат.
Азыркы кезде бул тариф керектөө 700 киловаттан ашкан учурда төлөнөт. Бул тариф аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн калтырылып, 1,5 миң киловаттка чейин 50 тыйындан төлөшөт. Ал эми лимиттен ашкан учурда 2,16 сомдон төлөй баштоого туура келет.
Мындан сырткары, 2024-жылдан тартып тарифтин баасы ар жылдын 1-июнунан инфляциянын деңгээлине жараша көбөйтүлүп турат.











