Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдылда Нуралиев: “Сүйүүнүн айынан ыр чиймелеп, аным көкүрөгүмө батпай, төкмөлүккө айланды”

Абдылда Нуралиев: “Сүйүүнүн айынан ыр чиймелеп, аным көкүрөгүмө батпай, төкмөлүккө айланды”

04-июль, 09:00
535 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Төкмө акын Абдылда Нуралиевдин чыгармачылыктын казанында кайнап жүргөнүнө 40 жыл болду. Жакында Талас шаарында төкмө акындын 60 жылдыгына арналган айтыш болуп өттү. Юбилейи менен куттуктап, суроолорубузга жооп алдык. 

-- Төкмө акындык өзгөчө талантка кирет эмеспи. Аны аркалагандар тубаса шыгы болбосо, үйрөнүү мүмкүн эмес. Биринчи кезекте “төкмө акындык талант кимден өттү? Ата-энеңиздин кимиси сөз баккан, сөз чеберлери?” деген суроо берилсе керек... 

-- Менин атамдын, апамдын да ыр-күүгө жакындык жайы жок эле. Талас жергесиндеги карапайым, ак эмгеги менен жан баккан, бирөөгө жамандык жасабай, кимге болбосун жүрөгүн ачкан үй-бүлөдө төрөлүп чоңойдум. Өзүм деле бала кезден ырга жакын эмес элем. Кадимки балдардын бири катары орто мектепти аяктадым. Баары сүйүүгө кабылганымдан кийин башталды. 17 жашымда классташ кызымды сүйүп калдым. Саяк уурусунан болот да. Жортукту жорго кылган, баспаганды бастырган, акын эмести акын кылган кыз эле. Сүйүү деп жүрүп ыр чиймелей баштадым. Анан аным көкүрөгүмө батпай, толуп-ташып төкмөлүккө айланды. Анүстүнө мен өскөн аймакта элге таанымал, ашкере таланттуулар көп чыккан. Ырчы-Булак деген булагыбыз бар, анын суусун ичип чоңойдум. Эстебес Турсуналиев, Алымкул Үсөнбаев дагы ошол булактын суусун ичишкен. 

-Сизди акын кылган классташ кызыңызга жеттиңизби? 

-- Жетмек тургай, 42 жылдан бери бирге түтүн булатып келатабыз. Үч эркек, бир кыздын ата-энеси болдук. Сүйүү деген керемет нерсе экен да. Сүйрөлүп жүрүп кантип акын болгонумду өзүм да сезбей калдым. 

 -- Сүйүү ырларын жазып атып акын болдуңуз. Андан кийин чоң чыгармачылыкка кантип аралаштыңыз? 

-Талант деген бир көзүн ачып алса жөн жатпайт экен. Шыкаалап, жыртык таап болсо да эптеп жарыкчылыкка чыгат тура. Борбор калаага келип, филармонияга ишке кирип, Эстебес Турсуналиевдин “Эл шайырларында” 14 жыл жүрдүм. Үч жолу республикалык, беш жолу эл аралык айтыштын баш байгесинин ээси болдум. Менин “атам” Ашыралы Айталиев. 14 жылдан кийин шаарга батпай калдым. Айылдын кең талаалары, тоолору, таза абасы жетишпегендей кыйналдым. Анан көздү жумуп, үй-бүлөмдү алып айылга көчүп келе бердим. 

-- Борбордон алыс кетүү чыгармачылыгыңызды солгундаттыбы? 

-Кайсы бир деңгээлде таасирин тийгизди. Бирок бул жакта деле жөн жаткан жокмун. Шакирт даярдап, өнөрүмдү элге тартуулап эле келатам. Эми шаарга барганга болбой деле калды, кыздар сүйбөйт, келиндер жактырбайт дегендей (күлүп). Ошого каккан казыктай болуп Таласта отурам. Кемпирлерди байкаштырсамбы?” десем, баарынын эле кредити бар экен, аны төлөшкөнгө пенсиям жетпейт (тамашалап). 

-- Союздан калган эркектер анча-мынча кредиттен коркпогон кайраттуу болчу эле... 

-- Мен эми союздун этегинде төрөлгөм да. Ошого коркогу да, чоркогу да мен болдум. 

-- Канча жылдан бери айтыштарда жүрөсүз? Кайсы төкмө акын менен болгон айтышыңыз эсиңизден чыкпайт

-- Майра Керим кызы менен 20 жыл бою айтыштым. Аны менен ар бир айтышым эсимде сакталуу. 

-- Аял менен айтышуу кыйынбы? 

-- Кыйын болбогондо..же өлөсүң, же чөгөсүң да. Мен эптеп өлүп-талып жатып аман калдым. Бир айтышта “Майра, сенин домбураң экен бүтпөгөн, /Сенден ыр чыгат экен күтпөгөн. /Рахмат жеңем, Майрабыз, /Сенин куйругуңдан түптөгөн” деген элем. Аны өмүрүнүн аягына чейин эстеп, көрүшкөндө ошону айтып күлүп калар эле. 

-Айтышта алдын ала даярдануу болобу? 

-- Атаандашың, сени менен ким айтышарын билбесең, кантип даярданмак элең? 

-- Айтышка чыга тургандардын баарына аз-маз болсо да айтар оюңузду камдап дегендей... 

-- Анын баарына даярдап бүткүчө өмүрүң өтүп кетпейби. Акын деген даярданбай төгүш керек. 

-Төккөн ырларыңыздын баары эсиңизде калбаса керек, же жатталып калганы да болобу? 

-Көбү эсте калбайт. Бирок эстеп калгандары да болот. Көп ырлар, ойлор талаага эле чачылып кетти да. Чуңкурга чачылса калмак, талаага чачылганды кантип жыйнайсың? 

-- Азыр айтыш өнөрүн улап бараткан жаштар купулуңузга толобу? 

-- Айтыш өнөрү жакшы кетип баратат. Буюрса, ата-бабабыздан калган өнөрүбүздү улам кийинкилерге өткөрүп, учугубуз уланып келатат. Кыргыз барда айтыш өлбөйт, өнүгөт! Тили өлбөгөн эл өлбөйт. Ошондуктан биринчи тилибизди сакташыбыз керек. Азыр башка тилдерде айтышууну мода кылып атышпайбы, анын кереги деле жок. Айтыш улутубузга, кыргыз тилине мүнөздүү нерсе. Кыргыз тилин өнүктүрө албай жатсак, айтышка да башка тилди аралаштыруудан эмне табабыз? 

Дагы бир нерсеазыр айрым жаштар айтышып жатып ыйлап жиберишет экен. Айтыш – майдан талаа, ал жерде ыйлабаш керек. Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгында мени менен айтышып жаткан жигит ыйлап жиберсе болобу! Сонун айтышты жок кылды. Эл сумсайып калды. Биз элдин көңүлүн көтөрүшүбүз керек да. Өзүбүз ыйлап жатсак, анан эл дагы балдарын, чалдарын, бири жойлошун, кээси ойношун эстеп ыйлап кирбейби! Мен муну айтууга мажбур болдум. 

-- Чыгармачылыкта устатыңыз болдубу? 

-- Ашыралы Айталиев менин өнөрдөгү атам. Өзүнүн атасы экен деп ойлоп алышып, Айталиев качан мунун апасына жолукту эле?” деп изилдеп чыгышпасын. Мен чыгармачылыкка жаңы келгенде “Артисттин жашырагымын талант жактан, көп жактан, лгүсүн көрдүм мен Айталиев Ашыралынын” деп ырдап чыккам. Устатты барктап, баалай билүү керек. Устаттын жолу улуу. Мен Ашыралы атама 30 жыл устукан ташыдым. Андай адам эми мага табылбайт. Эсимде терең көрөңгөсү менен калды. Өнөр деген өлбөйт экен, эл оозунда, эсинде калды. 

-- А өзүңүздүн шакирттериңиз барбы? 

-- Бар эмей! 60 жылдык юбилейиме карата өткөрүлүп жаткан айтышка ошолор катышат. Тандоо турунан өтүп келишти. 

 -- 60 жашка чыктыңыз. Ушул убакка чейин аткарган иштериңиз көп болдубу же аткарылбай калганыбы? 

-- Аткарылбай калганы, жасай турган иштер абдан көп. А өзүм баягы эле бойдонмун, жүрөк жаш... Көкүрөк деген өлбөйт экен. Азыр деле сүйүү ырларын жазам. Жаш кезде жазган сүйүү ырлары менен азыркы куракта жазылгандардын айырмасы асман менен жердей. Жаш кезде күйдүм, сүйдүм” дей бересиң, эч нерсеге карабай. Баары жеңил чыгат. А азыр көкүрөктүн тереңинен суурулат, ой, салмак бар. 

-- Китебиңиз чыкканбы? 

-- Китепти чыгарыш кыйын экен. Көп каражат керек. Демөөрчү издедим, таппадым. Азыр да издеп жүрөм. 

-- Балдарыңыздан сиздин жолду жолдогондор болдубу? 

-- Жок, баары өз жолдору менен кетишти. Ушул жерден жубайымдын эмгегин айта кетпесем болбойт. Чыгармачыл эркек үй-бүлөгө анча карамдуу болбой калат экен да. Жаш кезде эки жакта көп жүрдүм, балдардын тарбиясына жарытылуу катыша албадым. Жубайым өзү төрт баланы тарбиялады. Улууга сылык, кичүүгө камкор, тарбиялуу кыз-уулдарым бар. Айылдагылар да балдарымды мактап калышат. Андайда мен байбичемди мактайм. Аялдын жакшысы ушул экен да, эркектин ары-бери жүргөнүн билдирбей, очогунан от үзбөй, балдарды татыктуу тарбиялап коёт экен.


Маек курган Бакыт Бакетаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер