Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апамдын мүрзөсүнө барып, ыйлап жатып, уктап калган күндөрүм болду

Апамдын мүрзөсүнө барып, ыйлап жатып, уктап калган күндөрүм болду

16-февраль, 09:00
993 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашоо ушунчалык татаал экен. Адам деген баарын көтөрө билет тура. Ит жандуу деген кеп да бекер айтылбаса керек. Бала кезден кыйынчылыкты абдан көрдүм. Мен көрбөгөн күндү душманыма да каалабас элем. 

12 жашымда жетим калдым. Атамдан, апаман да ажырап калдык. Иним болгону 5 жашта эле. Ата-эне мээримин билбей деле калды байкушум. Атамдын инисинин колунда калдык. Таенем да өтүп кеткен. Таякелерге, таежелерге кээде барып турчубуз. Жетим жетилет экен. Жеңемдин кандай гана соккуларына туруштук берип жашадык. Айылдагылардын баарынын бизге боору ооручу эле. Байкем да кээде арак ичип алганда, аныкын да бизден чыгарчу эле жеңем. Балдары да кемсинтип турушчу (эненин кылганын кылат да бала). Байкем барда башка, ал жокто башка адам эле. Байкем көбүнчө үйдө болчу эмес. КамАЗ айдап, алыскы каттамдарга кетчү. Үй жумуш баары биздин мойнубузда. Жеңем бир күнү мени өлөрчө сабап салды. Анткени от жагып, билбей мештин үстүнөн резинка өтүктү албай калыптырмын. Үй жыттанып сасып кетип, токмок жедим. Тура албагандай жатып калгам. Бир аз жакшы болгондон кийин апамдын мүрзөсүнө барып, ыйлап жатып, уктап кетиптирмин...

Азыр бир балам бар, турмушка чыккам. Кайын журтум жакшы адамдар. Күйөөмө, атама, апама ушунчалык ыраазымын. Эч нерседен кем эмесмин, баарына шүгүр. Жолдошум мага жаман сөз айтуудан алыс. Тарбиясы абдан жакшы. Кудайым деле менин үнүмдү укса керек. Байкем көшөгө, сандык, бир аз сеп берди. “Эч нерсенин кереги жок” деп кайненем мени аяп турат. Өз энемдей эле. Ушунчалык кыйналган мурунку күндөрүмдү жууп кетишти. Ал эми иним болсо чет жакта иштеп жүрөт. Ал да буюрса жакында үйлөнөт. Маңдай тери менен иштеп, көп нерсеге жетти. Мага да жардамын берип, белегин салып турат. Иним келген сайын атам менен апама куран окутабыз. Кайнатамдар ыраазы болуп калышат. “Жетим жетилет” деген ушул экен. Буюрса жакшы күндөр алдыда. 


Гүлжан 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер