Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Айылчиев: “Бейшеналиев министр болгону билим берүүдө өзгөрүүлөр башталды”

Замир Айылчиев: “Бейшеналиев министр болгону билим берүүдө өзгөрүүлөр башталды”

08-январь, 22:57
2 229 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“DAS Education International American School” мектебинин негиздөөчүсү Замир мырза учур саясатынан жана билим берүү тармагы боюнча кеп салды.

-- Садыр Жапаровду аябай колдогон адамдардын алдыңкы катарында жүрөсүз. Себебин түшүндүрүп өтсөңүз?

-- Садыр Жапаровду колдогонумдун башкы себеби, ал элдин, жердин жана бүтүндөй мамлекеттин келечегин ойлоп жатат. Мен Жапаровдун саясый көз карашын жана саясый идеологиясын кубаттайм! Себеби, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери тарыхта бир дагы ажо люстрация маселесин көтөргөн эмес. Бирок, жеке өзүм буга чейин люстрация маселесин көтөрүп келгем. Бийликчил адамдар бул нерсени колдоого алышкан эмес. Себеби, эртең люстрация кабыл алынса, алардын ыплас иштеринин баары ачыкка чыкмак. Ал эми азыркы учурда Жапаровдун люстрацияны колдоп жатканы дурус жана 30 жылда сазга баткан экономиканы дотациядан алып чыгат. Кардиналдуу реформалар болоруна терең ишенем.

-- Билим берүү тармагында жүргөн адам катары айтсаңыз, эгер Жапаров президент болуп калса, анда бул жаатта кандай олуттуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

-- Люстрациянын алкагында мамлекетте баардык тармактарда чоң реформалар болот. Ошонун арасында билим берүү жана илим тармагы дагы бар. Жапаров билим берүү жаатында жакшы кадрларды колдоп жатат. Маселен, билим берүү жана илим министри кылып Гарварддан билим алган Алмаз Бейшеналиевди алып келди. Бул нерсенин натыйжасында акыркы айларда чоң өзгөрүүлөрдү көрө баштадык. Жаңы министрдин мисалында айтсам, кагаз иштерин азайтты, себепсиз тыйын чогултууну токтотту жана билимдин сапатын көтөрүү боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги ЖОЖдор менен сүйлөшүүдө. Садыр Жапаровдун “билим жаатында өзгөчө инновацияга фокус коёбуз” дегени көөдөндү жылытат. Кудайым буюрса, алдыда билим тармагында чоң ийгиликтер жараларына ишенем жана көмөк берем.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер