Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрбек Мискенбаев: “Сооронбай Жээнбеков акыры камалып, тарыхта саткын боюнча калат”

Мээрбек Мискенбаев: “Сооронбай Жээнбеков акыры камалып, тарыхта саткын боюнча калат”

07-октябрь, 11:30
3 314 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мээрбек мырза, Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кеткенине толук бир жыл болуптур. А кишинин мамлекетке кылган ишмердигине кандай баа берет элең?

-- Сооронбай Жээнбеков бийликке келген күндөн баштап колунан эч нерсе келбесин билгизген. Үч жылда мамлекетти артка тартканы аз келгенсип, досуна кыянаттык кылып, “бийлигимди алып коёт” деген коркуу сезим менен жашады. Эми бийликтен жок, же үйдөн жок, көчөдө отуруп калды. Бир тууган инисин соттоп атса да ал бир жылуу сөз айта албаганы өкүндүрдү. Адамгерчиликсиз, өтө пастыгын көрсөтүп койду. Бу киши тарыхта саткын жана колунан эч нерсе келбеген адам катары кара тамга менен жазылып калат. Азыркы бийлик Сооронбай Жээнбековду сот камагына албай калкалап атпайбы, эртели-кеч ал баары бир камалат. Орду түрмөдө!

-- Коомчулукта “Атамбаев жакында соттон акталат” деген кеп тарады. Эгер боштондукка чыгып калса Сооронбай Жээнбеков менен кайрадан дос болушабы, же эки айрылыш жолдо кала беришеби?

-- Учурда Атамбаевдин үстүнөн улам-улам кылмыш ишин козгоп атышат. Мен ойлойм, азыркы бийлик Атамбаевден өтө коркуп турат. Анткени, Алмаз байкенин кадыр-баркы күн сайын көтөрүлгөндөн көтөрүлүп баратканы байкалууда. Бирдеме болуп кетсе, шайлоо аркылуу Атамбаев кайрадан президент болуп калышы мүмкүн. Анткен менен жакынкы күндөрү Атамбаев соттон акталып, саясый аренага чыгат го. Бир кезде Алмаз байке “ит дос болсо – жакшы, досуң ит болсо - жаман” деген сөзүн айткан. Эгер соттон акталып, камактан бошонуп чыгып калса, Сооронбай Жээнбеков менен кайрадан мамиле куруп, ымалага эч барбасын бөркүмдөй билем. Ошон үчүн Сооронбай Жээнбековго окшогон адам менен дос болгончо, ит менен дос болгону артык (!) деп ойлойм. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер