Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Мен милиция кезде наристе кыздар зордукталчу эмес”

-- Исхак Абсаматович, педофилдерди кастрациялоо сунушуна сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Мурдагы милиция кызматкери катары колдомокмун. Бирок, мындай чара канчалык натыйжа берет? Ал ошондон оңолобу же оңолбойбу? Муну эч ким изилдеп чыга элек. Анүчүн жыныс мүчөсүнө эмес, мээсине операция жасаш керек. Адамдагы жаман ойлор башында болот да. Бирок, кандайдыр бир чараларын издөө керек. Балким, түбөлүк камаш керектир... Долбоор экинчи окууга келгенде мен адистерден, психологдордон корутунду берүүлөрүн талап кылам. Жанагындай операциядан кийин адам жакшынакай болуп калат деп убада беришсе, анда билбейм. Кастрациялаган адам майыпка айланат да. Андай киши эмнеге гана барбайт... Мурда кичинекей наристени зордуктаса, кийин адам өлтүрүүгө барсачы? Кеп ошондо да.
-- Бирок, бул чара зордукчунун өзүнө караганда да коомчулукка көбүрөөк багытталып жаткандай. “Башкаларга сабак болсун, ушундай ишти кылбасын” деген таризде.
-- Сабак болбойт да. Кылмышкер ошол бойдон калат. Башкалар коркот-коркпойт деп баа бере албайбыз. “Колго түшүптүр”, “ит экен” деп коёт, болду. Максат – зордукчуну токтотуш керек. Анүчүн тарбия зарыл.
-- Сиз органда иштеп турганда мындай окуялар аз болсо керек эле?
-- Наристеге кол салгандар жок болчу.
-- Азыр эмне үчүн көбөйүп кетти деп ойлойсуз?
-- Коом өзгөрүлдү. Батыш Европада “жаш балдар менен көңүл үчүн жашоого уруксат берели” деген маселе каралып атпайбы. Бул кандай? Акылы жоктук да! Аң-сезимдин кыйшайып кеткени. Мен Аламүдүн РИИБсинде кылмышкерлерди издөө бөлүмүндө иштеп турганда зордуктоолор болчу. Теңтуштарын, улгайган кишилерди. Бирок, үч-беш жашар наристени зордуктоону уккан эмеспиз. Эгер непадам ошондой кылмыштар болуп калса, Москва өз көзөмөлүнө алат эле. Анан андай кылмышкерлерди биз эмес, камактагылар өздөрү “соттошчу”. Ошол “соттон” баары коркушат эле.
"Азия Ньюс" гезити