ИИМ жетекчилиги ардагерлерге өзгөчө колдоо көрсөтүүдө


1-октябрь Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ардагерлеринин күнү катары белгиленип келүүдө. Учурда иштеп жаткан кызматкерлер менен ардагерлердин байланышы муундан-муунга колдоого алынып келет. Кыргыз милициясынын коомдук тартипти сактоодогу, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү жана кылмыштардын, тартип бузуулардын алдын алуудагы заманбап ыкчамдуулугу, дүйнөлүк аренадагы укук тартибин сактоодогу алдыңкы материалдык-техникалык базанын бизде да колдонуп жатышы, милиция кызматынын кадыр-баркынын жогорулашы, ички иштер органдарына ар тараптуу шарт түзүлүшү – өлкө жетекчилигинин аталык камкордугу экендигин сезип, билип жана көрүп турабыз. Учурдагы ИИМ жетекчилигинин коомдук тартиптин жогорку денгээлде сакталышына, кыргыз жарандарынын жана меймандардын ар биринин коопсуздугун сактоодогу тынымсыз жүргүзүлгөн иш-аракеттери алкоого, сыймыктанууга татыктуу. Акыркы жылдардагы жетишкендиктерге жалпы элибиз жана биздин ардагерлерибиз да күбө болуп келишүүдө.
Айрымдарына учкай токтоло кетсем, өлкө аймагы боюнча алыскы аймактардагы жарандардын көйгөйүн, арыз даттанууларын жеринен ички иштер органдары тарабынан кабыл алуу жана юридикалык жардам көрсөтүү максатында автоунаалар менен камсыздалган 60 милициянын көчмө кабылдамалары иш алып барып жатышат. Элге ыңгайлуу шарттарды түзүү, сервистик тейлөөнү жакшыртуу максатында өлкөнүн аймагы 2 миң 435 жаңы административдик аймактарга бөлүнүп, 2 миң 349 милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана жашы жете электер менен иштөө кызматкерлери иш жүргүзүүдө.
2026-жылы 34 ири эл аралык мамлекеттик иш-чараларда милиция коомдук тартипти сактоону жогорку деңгээлде өткөрдү. Алардын катарына жумушчу жолугушуулар, президенттердин жолугушуулары, министрлердин жыйындары, Айтматов форуму, Бизнес-форум, Санариптик форум, ШКУнун дүйнө жүзүнүн лидерлерин катышкан форуму жана Дельфи оюндары, Эгемендүүлүк майрамы, Көчмөндөр оюндары кирди.
Ички иштер министрлигинин жетекчилиги учурда жүздөгөн мамлекеттердин ички иштер министрлери менен Эл аралык уюмдары, Бириккен улуттар уюмунун, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин жана элчиликтер менен ийгиликтүү түрдө кызматташууда. Алты жыл ичинде 2582 жогорку денгээлдеги жолугушуулар болду. Эл аралык кызматташтык ишмердүүлүгүнүн негизинде 2021-2026-жылдары өнөктөштөрдөн кыргыз милициясына 695702720 миллион сомдук материалдык-техникалык жардамдар алынды.
Заманбап санариптик технологияларды киргизүүгө багытталган негизги уюштуруучулук иш-чаралардын жыйынтыгы менен 2022-жылдан бүгүнкү мезгил аралыгында жалпысынан өлкө боюнча 10 миң видео байкоо камералары иштеп жатат. Кылмыштарды ыкчам ачууга жана тергөөгө көмөк көрсөтүү максатында 2022-жылдын 28-апрелинен 2026-жылдын 30-июнуна чейинки мезгил аралыгында жалпысынан 11 064 жолу издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо, кылмыш бетин ачуу, дайынсыз жоголгондорду табуу жана алдын алуу иштерин колго алуу фактылары аныкталган. Учурда президенттин тапшырмасына ылайык, өлкө боюнча видео байкоо камераларды 20 миңге жеткирүү процесстери ийгиликтүү жүрүп жатат.
Укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында аймактык ички иштер органдарына 2021-жылдан 2026-жылдын 1-октябрына карата 1722 даана автоунаа ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө берилди. Ички иштер министрлигинин автопаркы азыркы тапта 100% жаңыланды. 2025-жылы Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясына 42 даана кургакта жана сууда жүрүүчү заманбап автоунаалар, деңиз кайыктары тапшырылды. Быйыл эле 385 автоунаа жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине берилди. 2021-жылдан 2026-жылдын 1-октябрына карата шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө караштуу 348 жаңы имараттар курулду, ондогон имараттар ремонттон өткөрүлүп, учурда бир катар райондук, айылдык милиция кызматтарынын имараттарынын курулушу жүрүүдө.
Жогорудагы көз ирмемдик маалыматтагы жетишкендиктер ички иштер министрлигинин кызматтык ишмердүүлүгүндөгү айрым бир гана урунттуу учурлары. Мындай жетишкендиктер ИИМ жетекчилигинин стратегиялык ырааттуу ишмердүүлүгү, өздүк курамдын күжүрмөн кызмат өтөөсү жана ардагерлерибиздин колдоосу менен жүрүп жаткандыгын сыймыктануу менен кабыл алабыз.
Милициянын ар бир ардагеринин баскан жолу – биздин системанын тарыхы. Алардын коомдук тартипти сактоодогу эл үчүн кызматы эч качан унутулбайт. Сиздердин ар бириңиздер “Мекениме кызмат кылам, анын ысык-суугуна чыдаймын, мен өз элимдин сакчысы – жоокеримин!” деп келгенсиздер. Ошол вазыйпаны аткарып коюп, азыркы мезгилде эс алып жатасыздар. Акыркы эки жылдын ичинде министрдин буйругу менен эс алуудагы үч миңден ашуун ардагерлерибиз ИИМдин сыйлыктарына татыды. Быйыл эле 300гө чукул ардагерлер сыйланды. Ар бир юбилейлик жашка чыккан ардагер министрликтин урмат-сыйына, белектерине ээ болууда. Жакында 1-октябрь ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин ардагерлеринин күнү белгиленет. ИИМдин буйругу менен 300дөн ашык ардагер сыйланды. Ал эми 1-ноябрь кыргыз милициясынын күнүнө карата миңге чукул ардагерлерди сыйлоо тууралуу чечим кабыл алынды. Ардагерлердин пенсиясын көтөрүү маселеси жыл бою министрлер кабинетинин атайын комиссиясында талкууланды, ички иштер министрлиги, пенсиялык бөлүм демилгечи катарында сунуштарын берди жана ал сунуштарын коргоду, акыры пенсияны көтөрүү тууралуу чечим кабыл алынды, учурда тиешелүү документтерди даярдоо процесстери аяктап калды.
Урматтуу ардагерлер! Алдыда катарлаш келе жаткан майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын! Үй-бүлөңүздөрдө бактылуу жашоо өкүм сүрүп, ден соолугуңар бекем болуп, мамлекетибизде тынчтык болсун. Жашообуз жакшылыктардын, жакшы жетишкендиктердин күнүндө өтсүн! Аруу ниетте, илгери үмүт менен жашайлы. Ар бир күнүңүздөр бекем ден соолукта башталсын. Ой-тилектерибиз ишке ашып, үмүттөр орундалып, элибизге жана ички иштер органдарына береке, кут, бакыт, түгөнбөс дөөлөт алып келсин!
Ар бириңиздерди жакындарыңыздын жылуу мамилеси, мекенибиздин тынчтыгы, жакшылыктардын батасы жана бекем ден соолук коштоп жүрүшүн каалаймын, барктуу, дөөлөттүү карылыкта, аманчылыкта болуңуздар!
Бакыт Сеитов, Ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин ардагерлеринин коомдук бирикмесинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги











