Талант Космосбеков: “Жаштар классикалык музыкага суусап калышкандай таасир калтырышууда”


-- Скрипкага кызыгууң кантип ойгонду? Канча жашыңдан музыка сыйкырына арбалдың?
-- 1992-жылы Токмок шаарында төрөлгөм. Негизи Ысык-Көлдүн Кара-Талаа айылынын кулунумун. 7 жашымда Шубин атындагы музыкалык мектептин скрипка бөлүмүнө киргем. 2007-жылы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп, андан соң С.В.Рахманинова атындагы Ростов консерваториясына өттүм. Ростов-на-Донуда 6 жыл жашадым. Ал жерде окуп жүргөндө 3-курстан баштап Россиянын белгилүү “Гольфстрим” деген тобунда иштеп калдым. Окууну ийгиликтүү бүткөндөн кийин мекениме кайтып келдим.
-- Кайсы улуу композиторлордун чыгармаларын ойнойсуң?
-- Окуп жүргөндө улуу классикалык композиторлордун чыгармаларын кызыгуу менен ойночумун. Азыр кавер популярдуу ырлардын жана классиканы жаңылаштырып иштеп чыгып аткарам.
-- Скрипканы, классикалык музыканы жаштар кандай кабыл алышууда?
-- Жаштар скрипканы аябай жакшы кабыл алып жатышат. Классикалык музыкага суусап калышкандай таасир калтырышууда. Өзгөчө популярдуу ырларды черткенде жакшы угушат.
-- Улуу композиторлордун кимдердин өмүр баяндарын кызыгуу менен окуп, чыгармаларын эргүү менен ойнойсуң?
-- Ар бир композитордун өмүр баяндары өзүнчө бир уламыш. Чыгармалары көкүрөк дирилдеткен сыйкыр, керемет. Моцарт, Чайковский, Вивальди, Бах жана Мендельсон – мен жактырган улуу композиторлор.
"Азия Ньюс" гезити











