Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Суу ресурстары боюнча өзүнчө эле министрлик түзүлсө туура болмок”

Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Суу ресурстары боюнча өзүнчө эле министрлик түзүлсө туура болмок”

01-январь, 09:00
538 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эмил Токтакунович, сиз учурунда суу чарбасы боюнча өзүнчө министрлик түзүүнү сунуштадыңыз эле. Бүгүн айыл чарба министрлиги суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги болуп түзүлүп, анын жетекчилигине Бакыт Төрөбаев шайланды. Бул кайра куруу сизди канааттандырабы?

-- Мындан бир ай мурда жогорку трибунадан мен ушул маселени көтөрүп, суу жана ирригация маселесине көңүл буруу, кошуна өлкөлөрдөн суу үчүн акы алуу боюнча маселе көтөргөм. Ошондой эле биздеги суу маселеси боюнча саясаттын чаржайыттыгын белгилеп, өзүнчө министрлик түзүүнү сунуш кылгам. Ошол сунуш президентке жетип, министрлик түзүлдү. Бирок, менин оюмча, суу ресурстары боюнча өзүнчө эле министрлик түзүлсө туура болмок. Албетте, бул жоктон көрө жогорураак, бирок мен сунуштагандай болбой калды. 

-- Бакыт Төрөбаев эми бир эле учурда министрлер кабинетинин башчысынын орун басары, министр да болот экен. Бул канчалык туура?

-- Өтө чоң министрликти кошумча кылбай эле иштей турган кылып, өзүнчө министр дайындалса жакшы болмок. Натыйжалуу болуш үчүн өзүнчө министр башкарышы керек эле. 

-- Бүгүн палатада Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги эч кандай талкуусуз, суроо берүүсүз жактырылды. Эгер сизге суроо берүүгө мүмкүнчүлүк жаралганда эмнени сурайт элеңиз?

-- Суунун бюджетин, суу чарбасы боюнча пландарын, токой чарбасы эмне үчүн министрликтин курамына кирбей калганын сурамакмын. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер