Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Үсөйүндүн акциясын спортсмендер уруп-сабап таратышабы?

Улан Үсөйүндүн акциясын спортсмендер уруп-сабап таратышабы?

26-июнь, 17:48
849 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

29-июнь күнү жарандык активист Улан Үсөйүн баштаган “Реакция – 3” аталышындагы нааразычылык акциясы болору жарыяланды. Темир жол вокзалынан Акүйдү көздөй жөө жүрүш жасашып, сөз эркиндигин коргоого далалат кылышат. 

Депутат сөөрөйлөр Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова “Маалыматты манипуляциялоо” мыйзамын үч окуудан өткөрүшүп, чылгый “чимкириктердин” күчү менен демократияны, адам укуктарын басмырлоого өтүшкөн. Бул мыйзам менен сөз эркиндигин муунтушуп, Кыргызстанды авторитардык, диктатуралык өлкөгө айлантууга белсеништи го? Мындай шартта жөн жаткан эл козголуп, каршылык көрсөтүүгө чыкканы калышты. Ар дайым эле бийлик элге жек көрүндү демилгелери менен чалынып, ансыз да саясый кризиске жакындап калганда, “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылышабы? “Реакция – 3” акциясына башка саясый күчтөр да кошулуп кетүү коркунучу кылтыйып атканы кандай?..

Айрым маалыматтарга караганда, Улан Үсөйүн баштай турган акциянын катышуучуларын жалданма спортсмендер уруп-сабап таратканы жатышабы? Бул боюнча даярдыктар жүрүп атабы? Алдын ала суроо салып, коңгуроо кагып койбосок, учуру келгенде мурду-башы жарылган, канжалаган активисттер жабыр тартышса, дүйнөлүк коомчулук не дейт? Кыргызстан байыркы индеецтердин өлкөсүнөн да жаман абалга кетебизби?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер