Жакында сага жолугам, кел бирге кыялданалы?..


(Мээрим Шатемировага!)
Мээрим, сени бир жолу көркөм гимнастикадан көргөм. Бакыраң көз, кырдач мурун, кара каш, кымча белиңди жактырдым. Орусча чоңойгонсуңбу? Кыргызча сүйлөгөнүңдү уккан жокмун. Бирок, ал деле кеп эмес. Эң негизгиси, спорт дегенде кайдыгер эмес жүргөнүң мага жакты. Мен да жашоомдо спортту биринчи орунга коём. Анан кыялданам, экөөбүз баш кошуп, көп балалуу болобуз. Баары биздин жакшы тарбияны алышып, спорт менен машыгышат. Тоо-ташка балдарыбызды ээрчитип алып, саякатка чыгабыз. Стадиондо бирге чуркап, саламаттыгыбызга кам көрөбүз дейм. Эң негизгиси, сен мага йога менен шугулданганды үйрөтөсүң. Анын аркасы менен экөөбүз 100 жашка чыкканча бирге түтүн булатып, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайбыз. Жакында сага жолугам. Жогоруда айткандар боюнча баарлашабыз. Мен максаттарыма жетчү элем. Эми сага карата ички дүйнөм күйүп баратат. Айланаңда эле жүрөм. Балким стадиондон кезигели?..
Артур, Бишкек
"Азия Ньюс" гезити











