Чала бизнесмен Хомейни Эргешов Гуанжоуга башкы консул дейби?
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев мырза бүгүнкү күндөрү сыркоолоп атыптыр. Эң ириде ден соолук тилеп, тезинен сакайып кетишин каалайбыз. Анткен менен министрликтин ички климаты ойдогудайбы? Тактап айтканда, өлкө президентинин талабындагыдай эмес экенин ошо жердеги дипломат кызматкерлер ич ара күбүр-шыбыр кеп салууда. Себеби, министрдин жакшы жердеши (досу) Бишкек шаардык кеңештин депутаты Байсал Эргешов деген кыраан бар. Мына ушу кишинин уулу, чала бизнесмен Хомейни Эргешов агреман аркылуу Кытайдын Гуанжоусуна башкы консулдук кызматка көрсөтүлүп, жакынкы арада кызматтык орду аныкталат имиш. Чындап келсе Хомейни мырза бизнес менен гана алек болуп, дипломатия жагында бир күн, бир саат иштебегени кандай? Кайсы бир учурда стажировкада болуп, иштей албай куулуп кеткенби? Аны “Руслан министр “көтөнзордукка” салып тааныш-билишти кызматка коё береби?” деген суроо туулат. Бул боюнча президент кабардар бекен? Албетте, Руслан мырзадан жооп күтөбүз, биз тек гана собол таштадык.
"Азия Ньюс" гезити