Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » УИАнын президенти Мурат Жуматаевдин дарегине жазылган маалымат жалган

УИАнын президенти Мурат Жуматаевдин дарегине жазылган маалымат жалган

25-март, 18:28
655 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Де-факто” гезитине чыккан “Академик Мурат Жуматаев илимдер академиясын    өнүктүрөбү же илим-билимди “иритип” бүтүрөбү?” деген материалда бир топ  каталар, жалган маалыматтар кеткен. Маселен, профессор Төлөбек Абдрахманов Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган. Ал тууралуу “шайланган эмес” деген калпыс маалымат берилген. Белгилүү философтор Аскар Бекбоев менен Жамгырбек Бөкөшев атаандаш болуп, экөө тең жетиштүү добуш алышкан жок. Ошон үчүн “философия” адистигине берилген орун “күйүп” кеткен. Ушул коомдук илимдер бөлүмүндө өткөн шайлоого ошол бөлүмдө   жашыруун добуш берген академик, корреспондент-мүчөлөр гана жооп берет,  себеби добушту ошолор берген. Алар үчүн башка эч ким жооп бере албайт. Коомдук илимдер бөлүмүндө профессор Лайли Үкүбаева 3 добуш алган. Мунун баардыгы документалдуу түрдө тастыкталып турат. Шайлоонун жүрүшү видеого тартылган, эч кандай мыйзам бузуу катталган эмес. Физика-техникалык, математикалык жана тоо-геологиялык бөлүм, химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба бөлүм, коомдук бөлүмдөгү шайлоону бөлүм башчылары өткөргөн, алар баардыгына жооп берет. Роман Оморович Оморов бөлүмдө болгону 2 добуш алса, эмне үчүн президиум же президент күнөөлүү болуш керек? Шайлоо тууралуу жободо шайлоо жөнүндө чечимдер коллегиалдуу кабыл алына тургандыгы жазылган, ал жерде “президент жооп берет” деп жазылган эмес. 

Шайлоого 127 талапкер катышып, жыйынтыгы боюнча 35 корреспондент-мүчө, 14 академик шайланган. Ошонун баардыгы “мыйзамсыз” же “татыксыз шайланды” деп айтканга эч кимдин акысы жок. Бир талапкер арызданып жүрөт. Шайлоодо баардыгы мыйзам чегинде болгон. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эң жогорку бийлиги болгон жалпы жыйында шайлоо “мыйзамдуу өттү” деп чечим кабыл алган. Муну далилдештин зарылдыгы жок.


КР УИАнын басма сөз кызматы    

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер