Акыркы кабарлар
» Коом » Бишкекте 709 миң адам жумушсуз калды
Бишкекте 709 миң адам жумушсуз калды
25-май, 17:47
506 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстанда өзгөчө абал режими учурунда жумушсуз калгандардын саны 709 миңдей деп айтылды. Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев 800 миңге чейин жетиши мүмкүн экенин Би-Би-Сиге ырастаган.
Кыргызстанда жумуш менен камсыз болгондордун саны 1-январга карата 2 млн. 382 миң киши эле. Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев өзгөчө абал режими киргенден кийин 709 миң адам жумушсуз калды, анын басымдуусу, 239 миңи Бишкекте экенин белгиледи.