Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Бишкекте машинелердин саны көбөйүп, эреже бузгандар арбын”

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Бишкекте машинелердин саны көбөйүп, эреже бузгандар арбын”

07-сентябрь, 10:03
312 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Башкы калаанын жолдору тар, а автоунаалар барган сайын арбып баратат го? Кыйынчылык жаралууда...

-- Ооба. Бишкекте машинелердин саны көбөйүп кетти. Саны көбөйгөнгө жараша кырсыктар дагы, жол эрежесин бузгандар да арбын. Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерди дагы көбөйтүш керек. Бирок, мурункуга караганда, азыр баары иретке келе баштаганын да айтпай койбосок болбойт. Мурун келаткан машинени токтотуп, документин текшерип, кээде обу жок эле маселе жарата беришчү. Азыр андай жок. Бирок, жол эрежесин бузгандар көп.

 Жол эрежесин айдоочулук маданияты төмөндөр бузушат. Кыргызстанда айдоочулар бири-бирин сыйлашпайт. Сөзсүз түрдө жол эрежесин бузуп, каршы тилкеге чыгып айдагандар көп. Эң жаман жери, ошондой айдоочулар биринчиден үчүнчү тилкеге өтө калып, көп учурда авариялык жагдайды жаратышат. Мурун маршрутканын айдоочулары бири-бири менен жарышат десек, азыр ал айдоочулар автобус айдап калышыптескери көрүнүштөрдү жаратышууда. Алар жол эрежесин бузганда чоң коопсуздукту пайда кылышат.

 Бир сапар маршрутка экинчи жерге жеткиче канча жолу эреже бузарын эсептеттик. 116 жолу эреже бузганын көрүп таңгалдык. Ушундай айдоочуларга чара колдонуш керек. Мобилдик инспекторлор көп болуп, машине айдап баратып, эреже бузгандарды тескесе, чара колдонсо жакшы болот эле. 

    -- Өнүккөн өлкөлөрдөн мисал келтирсеңиз?

-- Чет өлкөдө светофор өчүп калса же негизги жол менен ортодогу тилкедеги машинелер жыйылып калса, кайчы болуп өтүшөт. Негизги жолдон бирөө, ортоңку жолдон бирөө кайчы форматында өтүшөт. Кыргызстанда болсо, негизги жолдогулар эле өтө берип, ортоңку жолдо тургандар калып калышат. Жөн койсоң жөөлөп өтүп, жол бергилери келишпейт. Айдоочулук маданият деген көпчүлүгүндө жок. 

-- Самокат, велосипед айдагандар да көбөйүшүп, кырсыктарга себепчи болушканына кандай дейсиз?

-- Самокат жана велосипеддегилер жашылдан өтүп баратса жөө өтүшү керек, а бизде болсо, алар эч качан жөө баспайт. “Зуу” деп өтүп кетишет. Ошол учурда кайрылып жаткан машинелер көрбөй калып, кырсыктар көп болуп, жаш балдар жабыркоодо. Айдоочу кычыктан чыга калган самокат айдаган баланы көрбөй калып, сүзүп кетет. Жыйынтыгында айдоочу күнөөлүү болуп калат. Ошон үчүн сөзсүз түрдө “жөө өтмөктөн өтүп жатканда самокат, велосипед менен жөө өтүшү керек” деген эреже киргизип, мыйзам менен бекемдөө шарт. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Бул боюнча мыйзам кабыл албасак, жаштардын өмүрү кыйылып жатат. Мурун бир бала самокат айдаса, азыр эки-үчөө биригип бир самокат менен бара жатканын көрүп калам. Россияда бул боюнча мыйзамдар чыгып, чаралар колдонулууда. Биз да ошондой мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Болбосо кеч калабыз. Анткени, турмуш ошондой мыйзам керек экенин далилдөөдө. ИИМ аркылуу пайдалуу мыйзамдарды көтөртүп, кабыл алдырбасак болбойт.

-- Сунушуңуз барбы?

-- Мен депутат кезде бир эмес, эки жолу автор болуп, мыйзамдарды толуктаткам. Баарын жолго коюп койдук десек, ал деле аздык кылат экен. Ошон үчүн ИИМ бул маселени колго алышы керек. 

-- Сырттан келген унаалардын арбып кеткени байкалат...

-- Ооба, чет өлкөнүн номуру менен жүргөн машинелер абдан көбөйдү. Мурун 5-10 күндүн ичинде каттоого коюлчу. Азыр транзиттик жол менен келген машинелер көп. Армениянын, Казакстандын, Россиянын номерлери менен жүрүшөт. Мыйзамдарды, эрежелерди жаңылабасак, көчөлөрүбүзгө машине батпай калды.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер