Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жылыга ыш, түтүнгө каршы күрөшүү айтылып, бирок, жыйынтык чыкпай жатканын кантебиз?

Жылыга ыш, түтүнгө каршы күрөшүү айтылып, бирок, жыйынтык чыкпай жатканын кантебиз?

21-январь, 14:59
716 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дүйнөдөгү эң кир шаарлардын алдыңкы сабына Аккра (Гана), Лахор (Пакистан) жана Бишкек үчүнчү орунга чыкканы ЖМКларга жарыяланды. Жылыга ыш, түтүнгө каршы күрөшүү айтылат, бирок, иш жүзүндө жыйынтык чыкпай жатканын кандайча чечмелейбиз?

Качкын Булатов, укук коргоочу:

-- Мурун Бишкек шаары эң таза, жашыл шаар болчу. Анда эрежелер сакталчу. Шамалдын огу тосулчу эмес. Союз тарагандан кийин бийликтегилер жер сата башташты. Жыйынтыгында, бийик тамдар шамалдын огун тосуп, жел жүрбөй калды. Ошонун кесепетин тартып жатабыз. Шамалдын огу жүрүп жаткан жерге бийик тамдар курулганы биздин шорубуз. Мэрияда, архитектурада иштеп, жер сатып, көмүскөдөгү миллиардер болгондорду Камчыбек Ташиев дагы “кустурса” жакшы болот эле. 

Менимче, көмүрдөн анчалык деле зыяндуу зат чыкпайт. Жакшы бышкан көмүр кооптуу деле эмес. Азыр мончолор жеңил өнөр жайдын калдыктарын жагып жатышат. Пластиктин калдыктарын жагышууда. Мына ушул нерселерден зыяндуу заттар чыгат. Ар бир райондогу экологияны көзөмөлдөгөн адистер өз алдынча иш алып барып, жеңил өнөр жайдын калдыктарын өрттөгөндөр менен күрөшпөй жатышат. Качан гана телефон чалганыңда келет. Мына ушунун баарынын кесепетин эл тартууда. 

Эсенгул Исаков, экс-депутат:

-- Борбор калаадагы ыш Бишкек шаарына эле байланыштуу эмес. Аны курчап турган айылдарга да тийешелүү. Сокулук району, Аламүдүн районундагы айылдардын от жакканы, сапаты жок көмүр, машинелердин көптүгүнөн ушундай жагдай жаралууда. Айрымдар отунун аяп, резина жагышат экен. Ал резина огобетер ыш кылат. Абаны булгайт. Буга чейин деле ышты жок кылуунун жолдорун айтып эле келгем. Министрлер кабинетинин жаңы төрагасы комиссия уюштуруп, “тез аранын ичинде сунуштарды бергиле” деген тапшырма бериптир. Комиссия эрте иштебесе, кыш деле бүтүп, ыш маселеси деле токтоп калат. Негизи ыш маселеси боюнча сунуштар эчактан бери эле элден, дагы башкалардан да түшүп жатат.

 Эл бир нерсени түшүнбөй жатат. Эртең менен аба таза болот. Анткени, муздак абада ыш ылдый басылат. Күн жылыганда эле ыштын баары көтөрүлүп, шаарды каптайт. Ошон үчүн Сокулук, Аламүдүн районун дагы газдаштырыш керек. Айрымдар газды да киргизип, отту да жагууда. Ошонун баарын көзөмөлгө алып, “абанын тазалыгын камсыздоого салым кош” деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Шаардын ичиндеги машинелерди азайтыш үчүн “бир күнү мындай номурлуу машинелер айдасын, эртеси тигиндей номурлуу машинелерди айдашсын” деп шаардын мэри чечим кабыл алса эле эл укмак. Ошондой эле бир күндү “жөө жүргүнчүлөрдүн күнү, таза аба күнү” десе деле эл жөө жүрүп калмак. “Жөө жүргүнчүлөр күнүндө спецмашинелерден башкалар жүрбөйт” деген чечим кабыл алса, элдин баары көнмөк. “Бул ден соолукка да пайдалуу, жөө жүрүүнү адат кыл” деген сыяктуу социалдык роликтерди массалык маалымат каражаттарынан байма-бай жайылтса, эл деле зарылдыгын түшүнмөк. Жөө басуу эң биринчи адам үчүн маанилүү экенин сезишмек. Тилекке каршы, бизде андай жок болуп атпайбы. Качантан бери эле айтылып эле атат...   


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер