Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Хантавирус Кытайга жаңы кооптонуу алып келди

Хантавирус Кытайга жаңы кооптонуу алып келди

26-март, 14:01
1 025 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кытайда чычкандардан адамдарга жуккан хантавирус аныкталган бир кишинин каза болушу, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы пайда болгон өлкөдө жаңы жугуштуу оору кооптонуусуна алып келди.

Кытайдын расмий берүү органы Глобал Таймстын кабарларында өлкөнүн түштүк-батышындагы Юньнань провинциясында хантавирус аныкталган бир кишинин иш үчүн Шандонг облусуна саякат кылып бара жатканда автобуста көз жумганы маалымдалды.

Кабарда автобуста орун алган 31 кишиден дагы тест алынганы белгиленди.

Глобал Таймстын кабарынын артынан социалдык медиада жаңы жугуштуу оорунун пайда болгонунун жорумдары жасалды, Твиттерде «Хантавирус» этикеткасы дүйнө жүзүндө тренд болду.

Чычкандарга же чычкандын заарасы, түкүрүгү же заңына тийүү менен адамдарга жуккан хантавирустар, «Хантавирус өпкө синдрому» (HPS) аты коюлган ооруга алып барууда. Адамдан адамга жукпаган хантавирус эпидемия корунучун жаратпайт.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер