Көкүрөктөгү көз...


(Улуу сөздүн устаты Абдиламит Матисаковдун бейнесине сүртүмдөр)
Абдиламит Матисаков тууралуу жазган бир жагы жеңил, бир жагы оор. Жеңилдиги – айта турган сөз көп, ал жаратып койгон опол тоодой эмгекти саймедирей берсең түгөнбөйт. Оордугу – анын талантына татыктуу, эмгегине баа бере алар сөз табыш кыйын... Ошентсе да тобокелге бел байлап, бул сейрек талант, керемет инсан тууралуу төрт ооз сөз айтканга белсенип турган чагым.
***
Кыргыз улуттук университетинде Абдиламит Матисаковдун чыгармачылык кечеси өтүп жатканда экс-депутат, акын, журналист Каныбек Иманалиев жакшы бир сөз айтты. Мен азыр аны сөзмө-сөз эстей албашым мүмкүн, негизги мааниси мындай болчу: “Студент кезде Сүймөнкул Чокморовду жолугушууга чакырдык. Көп сүйлөбөгөн түнт киши экен, эки саат суроо берип, эчтеке айттыра албай койдук. Ошондо ушундай табышмак кишини ача алган Матисаковдун талантына дагы бир ирет таң бердик” маанисинде айтты.
Бул окуяны эстеп жаткан себебим, Сүкөмдү мен да көрүп-билип, ал тууралуу анча-мынча жазып калдым. Чындыгында эле көрүнгөнгө ачылып-чачыла берчү эмес. Ал эми Матисаковго болсо жазгы нөшөрдөй төгүлүп берген. Жүрөгүнүн эң түпкүрүндөгү сырларына чейин жашырбай айткан. Бул үчүн Сүкөмдүн өзүнүкүндөй үлкөн талант, аныкындай бийик деңгээл керек. Эми ойлосом, эки чебер: кинонун алпы менен журналистиканын устаты кокусунан табышып, биздин оштуктарча айтканда, бири-бирине бап келип, кыл келип калган экен. Улуу киноактёр тасмадагы бейнесин аткарган чебер ролдору менен өзү тартса, анын кара сөздөгү бейнесин Матисаков тартып берди. Өзү айткандай, элине беш колдой таанымал адамдын кулак чала элек тарабын иликтеп, кайталангыс, эч ким окшоштура алгыс эмгек жаратты. Албетте, инсан, кыргыз кино өнөрүнө өчпөс из калтырган актёр катары Сүкөм тууралуу дагы далай жазылаар, дагы далай кептер айтылаар, бирок алардын эч кимиси Матисаковдун чеберчилигине жете бербейт го. Анткени, Матисаковдун бул полотносу сүрөтчү менен авторлошуп тартылган. Боёкторун Сүкөм өзү тандашкан...
***
Абдиламит ака бул очеркти жазууга киришип жатканда бекер эле кыжалат тартып, ойлорго “төө басты” болуптур. “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” мезгилдин бүктөмүндө калып кеткен жок. Көлөмү кырк бетке жетпеген чакан чыгарма жанрдын шедеврине, окурман арзыган табылгага айланды.
***
Абдиламит аканын дал ушул “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” очерки Ленин комсомолу сыйлыгына көрсөтүлүп, талкуу жүрүп жатса керек эле. Калемгерлердин улам бири трибунага чыгып, өз пикирин айтып атышат. Аңгыча жазуучулар кошуунунун катчысы Осмонакун Ибраимов “бул эмгектин артыкчылыгы эмнеде, эмнеси менен сыйлыкка татыктуу?” деп собол салып калды. Ошондо мен “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөйдү” окуганда сөздүн кудуретин сезесиң, сөздүн магиясына кантип арбалганыңды билбей каласың” дегеним эсимде.
Азыр да калемдештер арасында Абдиламит Матисаков тууралуу сөз болгондо, баары бир ооздон анын сөз байлыгын, таамай салыштырууларын айтышат. “Кашы үрпөйүп, жарганаттын эле кош канаты” – не деген укмуш сүрөттөө!” деп бири таң берсе, “дубалга жабышкан жөргөмүштөй кара кулпу салынды” дегеничи?” дейт экинчиси тамшанып.
Тил да Кудай тарабынан берилген бир ырыс, бир байлык. Көркөм сөздүн чыныгы чеберлери да саналуу эле. Эскилерден Ашым Жакыпбеков, Төлөгөн Касымбеков, Кеңеш Жусупов, Качкынбай Осмоналиев, Мурза Гапаров, азыркы муундан Абдиламит Матисаков, Султан Раев...
Жазуучу журтчулугун бекеринен сөз баккан, сөз баалаган кишилер катары айтышпайт. Эл оозунан жакшы бир сөз укса, же кайсы бир китептен окуп калса, алтын таап алгансып сүйүнөт. Дароо чөнтөк дептерине, же мээсине жазып алат. Бул жагынан алганда Абдиламит ака өзүнчө эле кенч. Анын китептерин окуган сайын түгөнбөгөн казына таап алгансып, териңе батпай сүйүнөсүң.
***
Сексенинчи жылдары азыркы Жеңиш аянты жайгашкан жерде жашылча базар, базардын берки өйүзүндө чайкана болор эле. Жөн эле чай ичүүчү жер эмес, ошол кездеги кыргыз интеллигенциясынын ой ордосу, сөз ордосу эле бу чайкана. Төбөсү көрүнгөн жазуучулар, акындар, аалымдар келишчү. Абдыганы Эркебаев, Шабданбай Абдыраманов, Эсенбай Калдаров, Шерназар Шүкүров, Абдиламит Матисаков... Султан досум экөөбүздүн анда жаш кезибиз. Атайын сөз укканы барчу элек. Абдыганы, Абдиламит акалар сүйлөшүп атканда унчукпай гана кулак төшөп, тыңшап отурчубуз.
Баса, Абдиламит ака ошол чайкана, лейлектик чайканачы Бакир ака тууралуу сонун очерк жазган. Азыр да Абдиламит аканын очеркин окуганда ошол чайкана, ага чогулган ажайып адамдар көз алдыма тартылып, ошол күндөрдү сагынып кетем...
***
Мезгилди токтотууга, атүгүл акырындатууга да мүмкүн эмес. Бирок, көз ирмемди кармаса болот. Абдиламит аканын бир артыкчылыгы, керемет касиети дал ошол көз ирмемди кармай билгендиги. Көз ирмемди фото сүрөтчү кармагандай “шап” кармап, сөз менен сүрөт тарта алгандыгы. Ошол сүрөттөр өлбөйт экен. Мезгил өтүп кетсе да ошол сүрөттөр кагазда жашап калат тура. Бакир аканын чайканасына келгендердин арасында журналисттер да көп эле. Бирок, алардын арасынан бутун сылтып баскан кексе чайканачы жөнүндө Матисаков гана жазды. Жөнөкөйлүктөн улуулукту, көзгө комсоо көрүнүштөн тереңдикти көрө билиш үчүн бир башкача зиректик, көкүрөктөгү көз керек экен көрсө.
***
Бизде, калемгерлер арасында бир адат (же мода дейбизби) бар. Арабыздан топ жарган бир жакшы акын, же жазуучу чыкса, аны дүйнөлүк классиктерге салыштырабыз. “Биздин Пушкин” дейбиз, “кыргыздын Чехову дейбиз”... Абдиламит аканын керемет аңгемелерин окуганда да бирде Бунин, бирде Кавабата элестеп кетет. Бирок, ошол эле учурда ал эч кимге окшошпойт. Ойлоп көрсөм, анын артыкчылыгы, баалуулугу ошол эч кимге окшошпогондугунда, жалгыз Матисаковго гана таандык кайталангыстыгында экен. Бир жолу Кубат ака менен Мурза Гапаров тууралуу сүйлөшүп отурганыбызда “Мурзанын Хемингуэй окуса “бали” деп желкесине таптай турган аңгемелери бар” деп айтты эле. Анын сыңарындай, Матисаковдун да Чехов окуса тамшана турган сонун аңгемелери бар. Менимче, “Тандыр”, “Далдалчынын уулу”, “Фергана”, “Үркөр”, “Фараон” дал ошондой чыгармалар...
***
Мурза Гапаров демекчи, Абдиламит аканы аябай жакшы көрчү. Оозунан түшүрчү эмес. Матисаков ал тууралуу да сонун очерктерди жазган. Жазды сүйгөн, айгүл гүлүн сүйгөн, сулуулук издеген киши эмес беле ыраматылык. Абдиламит аканын ширелүү, ширин сөздөрүнө ичи жылып, ыраазы болсо керек...
***
Шукшиндин «Выбираю деревню на жительство» аттуу ажайып аңгемеси бар. Айылда туулуп өсүп, бирок, өмүр бою шаарда жашаган бир киши демалыш күн болгон сайын вокзалга барат да, үй алмаштырууну шылтоолоп, айылдыктар менен сүйлөшүп, чер жазып келет.
Мен да Ноокат түшүмө кирип, айылымды сагынганда Абдиламит Матисаковдун китебин барактаганды өнөкөт кылып алгам. Кулакка тааныш, жүрөккө жакын сөздөргө туш болгондо кадимкидей жаным жыргап, Ноокатта жүргөндөй боло түшөм...
***
КУУнун журналистика факультетинин студенттери бир курдай жолугушууга чакырып калышты. Студенттик күндөр, журналистиктик чеберчилик, бул кесиптин азыркы көйгөйлөрү сыяктуу суроолорду беришип, арасында Матисаковдун чыгармачылыгы тууралуу да пикиримди сурашты. Жашырбай, жүрөгүмдөгү чын сөзүмдү ачык айттым. “Ушундай сөз чеберин күнүгө жанынан көрүп, лекциясын угуп, нускасын алып жаткан силер кандай бактылуусуңар!” дедим. Бул жөн гана капилет суроого шашылыш берилген жооп эмес. Мен чындыгында эле Матисаковду бактысын калемге байлаган жаштардын баары үйрөнүп, таалим алар үлгү катары эсептейм. Ушундай таланттуу адамдын арабызда жашап, керемет чыгармаларды тартуулап жатканы жаш муундун гана эмес, жалпы окурмандардын бактысы.
Бар болуңуз, сөз дыйканы!
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити











