Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кытайда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны кескин өсүүдө

Кытайда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны кескин өсүүдө

27-декабрь, 12:26
271 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, ооруканалар бейтаптарга толду. Каза болгон учурлар көптүгүнөн жакынын акыркы сапарга узатуу үчүн крематорийлерге кезекке тургандар арбын. Бир суткада (20-декабрга карата) коронавирус инфекциясы 37 млн. кишиден аныкталган. Бул туралуу Bloomberg басылмасы өлкөнүн улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып жазган.

Декабрдын башынан бери Кытайда коронавирусту 248 млн. киши жугузуп алган. Бул калктын 18 пайызын түзөт. Жыйындын протоколунда канча киши каза болгону айтылган эмес. Bloomberg инфекциянын тез жайылышын Кытай бийлигинин COVID-19га карата саясатынын алкагындагы чектөөлөрдү жеңилдеткенине байланыштырган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер