Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек шаары боюнча дагы 410 маршрут түзүлдү

Бишкек шаары боюнча дагы 410 маршрут түзүлдү

30-март, 16:49
494 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн өкмөттөгү онлайн маалымат жыйында коронавирус боюнча өлкөдөгү акыркы кырдаал тууралуу 1-вице-премьер Боронов, саламаттык сактоо министри жана ички иштер министри маалымат беришти.

Анда Кубатбек Бороновго коменданттык саатты узартуу маселеси каралып жатканы тууралуу суроо узатылды.

Ага жооп берип жаткан биринчи вице-премьер 24 саатка коменданттык саат киргизүүнүн зарылчылыгы тууралуу айтып, учурдагы өзгөчө абал режими мурункуларга караганда айырмаланарын билдирди.

“Бул эпидемиологиялык өзгөчө кырдаал болуп жатат. Түнү менен коменданттык саат киргизип, күндүз эшикке чыкканга уруксат берип койгондо натыйжасы абдан начар болот. Күндүз жашоону такыр эле токтотуп койгон болбойт. Биз күндүз киргизбей турабыз, бирок максималдуу түрдө элдердин көчөгө чыгышын азайтуунун үстүндө иштеп жатабыз. Бишкек шаары боюнча дагы 410 маршрут түзүп чыгышты. Бир офицер, 2 сержат маршруттар боюнча кыдырып, эл эмне үчүн эшикке чыгып жатат, себеби барбы же жокпу аныктап, элди үйүнө киргизүү боюнча иш алып барышат. Эгер абал мындан да оор болуп кетсе, анда азыркы айткан шартка барууга туура келет. Анда өзгөчө абал киргизилген жерде жашоо такыр токтотушу керек болот. Ошон үчүн баарыбыз түшүнүү менен кабыл алып, ошондой чектөө коюла электе өзүбүзгө өзүбүз чектөө коюшубуз керек”, - деди ал.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер