Эркин Мамбеталиевдин бизнеси текшерилип атса, кандай сыр бар?


Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин Өрнөк айылындагы пансионатын, эс алуу жайларын текшеришип, кылмыш ишин козгошкону, бул боюнча атайын тергөө жүрүп жатканынан кабар алдык. Азырынча чындык, мыйзамдуулук кайсы тарапта экенин таккесе жарыя кыла албайбыз. Толук кандуу маалымат алууга мүмкүнчүлүктөр жетишпей атат. Убакыттын удулуна жараша кабар келсе керек. А башка өңүтүнөн алсак, соңку убакта Эркин Мамбеталиев Ысык-Көлдөгү тың жигиттердин башын кошо алганы, электоратын чыңдаганы, өзүнчө күчкө айланып баратканы айтыла калчу. Толкуп-ташыган, бардар турмушта жашап атканы да маалым эле. Анан эле текшерүүлөр башталыптыр. Негиздүүбү, негизсизби, бул өңүтү убагы келгенде ачыкталат. Эң башкысы, органдагы таасирдүү топтордун кылдан кыйкым издөөсүнө, байлык талашуусуна айланбаса... Андай азгырыктан бийик тура алабызбы?
"Азия Ньюс" гезити











