Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары


(“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун контекстинде)
VI. Биримдик, ынтымак даанышмандыгы
(Уландысы. Башы өткөн санда)
2. Ак калпак журтка жеңиш жана бакыт алып келген жарандык ынтымак
(Манас, Кошой, Бакай)
Биз эл аралык достук жөнүндө гана эмес, мекен ичиндеги улут лидерлеринин өз ара достук тажрыйба-таржымалы жөнүндө да кеп кылуугу тийишпиз.
Достук качан бекем болот? Достуктун бекемдигине тартууланган кымбат белектер, формалдуу келишим, сырткы убада, эч кандай ант кепил болуп бербес. «Пайдубалында» ыйман, абийир, эки адамдын тең ниетинин тунуктугу жатканда гана жандүйнөлөрдүн окшоштугу, тутунган нравалык принциптердин бирдейлиги, мүдөөлөрдүн жалпылыгы, бири-биринин алдындагы өз ара милдеттердин ыйыктыгын терең туюнуу наркы экөөндө тең жашап турганда гана достук бекем боло алат.
Бакай Манас баатырдын сыймыктанган үлкөн чоросу, кыйышпас досу, бир чети жакын агасы. Эпосто «абаң Бакай курдашы, арслан Манас көкжалдын, а дүйнөлүк сырдашы» деп сыпатталат. Ушул ыр саптарындагы ойдун чындыгын ырастагандай, Манастын өзү да эпостун сюжетинде: «Маңдайымда барааным, байтерек Бакай карааным, айтышканда сырдашым, наалышканда муңдашым» деп сырын төгөт. Демек, Манас менен Бакай бири-бири менен өзгөчө терең мамиле менен ширелишкен, бири-бири менен жаны бирге, эпостун өзүндө айтылгандай, «ак буудайдын унундай жуурулушкан, ак бөкөндүн кылындай суурулушкан» достор.
Бирок бул экөөнүн сырдаштыгы, муңдаштыгы жөнөкөй гана пендечилик деңгээлдеги ынактык эмес, демейки көртирлик ынтымагы эмес, же болбосо туугандыктан келип чыгып отурган биргелик эмес. Бул экөөнүн ширелишкен достугунун мотиви өзгөчө, бөлөкчө. Экөөнүн достугу башкача «материядан» жаралган. Баатырлардын өз ара жуурулушкандыгынын себептерин алардын интеллектисинин, көкөлөгөн акыл-ой маданиятынын жана патриоттук рухунун бийиктигинен издөө кажет демекчибиз.
Кыскасын айтканда, Манас менен Бакайдын өз ара жуурулушкан биримдигинин тамыры журт боштондугу, ак калпак кыргыздын эркиндиги үчүн көз карандысыз кыргыз хандыгын, мамлекетин түзүү, «кулаалы жайып куш кылуу, куранды жайып журт кылуу» үчүн «башты канжыгага байлаган» каарман күрөштүн улуу идеясына барып такалат. Ошон үчүн жогоруда эки кеменгердин достугунун мотивин алардын интеллектисинин тереңдигинен жана акыл-эс бийиктигинен издөө зарыл деп бекеринен айтпаганбыз. Алардын биримдиги улут кызыкчылыгы деген улуу «материядан» агып чыгат. Бул жагдайды академик Болот Юнусалиев “өскөн жерди, туулган элди сүйүү мотиви каармандардын кылган аракеттерине, кулк-мүнөзүнө ар дайым жетекчилик кылат” деп туура белгилеген (Юнусалиев Б. Кириш сөз. – Китепте: Манас, Фрунзе, 1958, 30-б.). Экөөнүн достугу, дагы айталы, бийик идеялык чекиттен кездешкен философиялык достук. Ата журт эркиндиги философиясы эки шер үчүн эч нерсе менен алмаштырылгыс эң жогорку дөөлөт. Ушул жогорку дөөлөткө кызмат кылууну экөө өмүрдүн маңызы катары санашат. («...калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин» - Манас. «Чачылганды жыйнап жүр, үзүлгөндү улап жүр» - Бакай). Экөө ички ой-тилек, мүдөө-максат жагынан эгиздер. Эки шердин ичтен ширелишкендигинин, жуурулуушкандыгынын себеби ушул жерде.
Экөөнүн дүйнөгө кең карагандыгы, айкөлдүгү ушунда деңиз, булар өмүр бою бири-бирине терс караган жок, майдачылыктан өйдө турушту, кандайдыр бир ичкүйдүлүктөн, көралбастыктан оолак болушту. Даражага манчыркашпады. Бийликтин мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланышып, өз көмөчүнө күл тартууга, өз кызыкчылыктарынын артынан кубалап, байлык топтоого, көрдүнүйө чогултууга азгырылышкан жок. Элдик ыйык улуу мүдөөлөрдү башкага алмаштырышпады. Өмүр бою бири-бирин алдаган жок, бири-бирин саткан жок, бири-бирине чыккынчылык кылган жок. Өздөрүнүн идеалдарына, мекенчил, патриоттук мүдөөлөрүнө жана достук мамилелерине ак бойдон, таза бойдон кала беришти. Максат кууган жолдогу таза мораль, таза кызматташтык, таза мамиле экөөнү ого бетер өзөктөш, жүрөктөш, дилдеш кылды. Мындан улам Манас менен Бакай бири-бирин ого бетер урматташып, ыйык тутушуп, ынтымактары улам болоттой бекемделип турду.
Бакай Манас өлгөңдөн кийин да, айкөл досунун мекенчил идеалдары үчүн тикесинен тик туруп, Манас курган мамлекетти өмүрүнүн акырына чейин коргоп, анын идеологу бойдон кала берди.
Улуттун старатегиялык максаттарын аркалаган Манас менен Бакайга окшогон инсандар журт туткалары, калктын руханий жолбашчылары, улуттун идеологдору. Мындай жетектөөчү лидерлери жок калк тарых жолунда буюгуп, багытсыздыктын туманында кайда барарын билбей адашкан көчкө окшош болмок.
Манас менен Бакай – булар өзгөчө жаралган, бөтөнчө типтеги адамдар. Булар башкалар үчүн жаралган, башкалар гүлдөсүн деп өздөрү куураган жандар. Турмушту локомотив болуп алдыга сүйрөгөн, Манас менен Бакайдай эл-жер деп күйгөн мекенчилдери, жылаңач баатырлары, кеменгерлери бар журт бактылуу журт. Улуттун улуу мүдөсүнө кызмат кылган Манас менен Бакайдын достугу – чыныгы достуктун эталону.
Кошой ар дайым, качан, кай жерде болбосун: «О кудурет, уккун кебимди, сындыра көрбө белимди, жараткан өзүң колдой көр, кабылан Манас шеримди!» деп Кудайга жалынып турат. Эмне үчүн? Манас Кошойдун өзүнүн кара чечекей баласы беле? Жок, окурманым, мунун тереңинде өзүнчө сыр жатат. Кошойдун Манас дегенде ичкен ашын жерге койгондугунун, Манас дегенде керек болсо өлүп бере тургандыгынын, Манаска болгон абакелик, аталык сүйүүсүнүн мотивациясына дагы бир жолу үңүлүп көрөлүчү.
Манастын кор болгон эл үчүн куткаруучу экендигин, кыргызга дал ушундай көкжал башчынын керектигин жана да Манас аркылуу кыргыздын айы менен күнүнүн тууп тургандыгын Кошой өзүнүн көрөгөч баамы, акылмандык-олуялык туюму менен сезип да, көрүп да турат. Мына ошон үчүн Кошой карыя ар качан «ак сакалы жаркылдап, келгин каздай баркылдап» Манас тууралуу: “Бузулуп кеткен аз журтка, берен да ошол, мээ ошол, мээнеттеги кыргызды, бек кайтарчу ээ ошол” деп айлана-тегерегине жарыялап турат. Белгилеп өтө турган нерсе, Кошой Манастын кеменгерлигине басым жасап, мобу сөзүндө айкөл баатырды, “кыргыздын ойлоно турган мээси” деп адаттан тыш баалап, көкөлөтүп отурат. Мынакей, Кошойдун Манас дегенде элеп-желеп болуп, түн уйкусун үч бөлгөн бөтөнчө мамилесинин түпкү мотивациясы кайда жатат? Манастын куткаруучу миссиясы чынында Кошойдун да мисиясы, улутту сактоо Кошойдун да өмүр бою көксөгөн мүдөөсү, эңсеген тилеги. Ушул максат деп ал Жети-Өзөндө жетимиш жеринен жарадар болуп, желмогуздар менен кармашып жашап келбедиби. Акбалтанын: “Абаң Кошой эр ошол, арбагы бийик жан ошол, жети өзөндөй кайран жер, эби менен жер кылып, азган-тозгон кыргызды эптеп жүрүп эл кылып» деген сөздөрүн эстейличи. Демек, образдуу айтканда, Манас Кошойдун эгизи, болгондо да идеялаш, рухташ, максатташ эгизи. Экөө Ата журт философиясы менен тамырларынан биригишкен. Ошон үчүн өйдөдөгү «Манас үчүн курман кылам жанымды» деген сөздү Кошойдун тилинин учунан эмес, жүлүнүнөн чыгып жаткан сөз катары түшүнөбүз.
Дагы бир жолу белгилейли, экөөнүн өз ара мамилелеринин тамыры “ак калпак калктын аёолуу кызыкчылыктары” деген жогорку чекиттен кездешип, ошол уюлдан жалгашып, өрүлүшүп, анан бери карай түшүп келет. Кошой менен Манастын өз ара бекем ата-баладай достугунун башаты ошол жакта.
Манастын, Бакайдын Кошойдун достугу рационалдык гана эмес, эмоциионалдык да достук, акыл менен сезимдин жуурулушкан достугу. Манастын тагдыры кылдын кырында кылтылдап, ажал оозунда турган кыйын кырдаалдарда Бакай менен Кошой “айкырыгы таш жарып, бакырыгы баш жарып, мурутун булкуп ыргытып, сакалын жулкуп ыргытып” жандарын таштап жардамга ашыгышат. Бакай “асылым”, “төрөм”, “жан биргем Манас” деп чын жүрөгүнөн төгүлүп сүйлөп, жетине албай турат. Манасты кокус ажал-өлүм тооруп, досумдан айрылып каламбы деп ойлогондо, Бакай көзүнөн жашын чубуртуп ыйлап жиберет. Кошой да ошондой. Мисалы, Айкөл Манас Чоң Казаттан кийин майданда алган жаратынан каза болгондо Кошой моминтип көзүнөн жашын он талаа кылып, коңгурап ыйлап турат:
Өзгөнгө бойлоп кондумбу,
Манасым өрт өчкөндөй болдумбу?!
Кантейин, Манас кабылан,
Сенден мурун өлбөдүм,
“Карт Кошойдун ашы!” - деп, Манасым, карыяңды көмбөдүң!
Достору, чоролору өзүнө абийир, ыйман менен кызмат кылгандыгы үчүн Манас да агынан жарылып, алкышын айтып, аларга агыл-төгүл мамиле жасайт. Мисалы, Бакайды «Караңгы түндө көз тапкан, капилеттен сөз тапкан олуям», Чубакты «Эгизим Чубак көсөлүм, эсимден кетпес эсерим», Сыргакты «Асылым менин Сыргагым, алышкан жоодо шумкарым» деп эркелетет. Ал эми Кошой бабасын көргөндө ар дайым «Абам Кошой карыям, айла тапкыч олуям, өйдө турсам өбөгүм, ылдый тартсам жөлөгүм, астыга салсам ак жолум, аркамда жүрсө сан колум» деп жетине албай турат.
Сөз аягында дагы суроо коёлу: достук качан бекем болот? Манас, Бакай, Кошой сыяктуу улуу максат менен биригип, бири-бирине дилин, жүрөгүн бергенде гана достук болоттой бекем жана түбөлүктүү болот.
Калк лидерлери Манастын, Бакайдын, Кошойдун дал ушундай мазмундагы достугу, бири-бирине өйдөгө өбөк, ылдыйда жөлөк, учарга канат, конорго куйрук болгон ширелишүүсү акыры Ата журтка жеңиш жана бакыт алып келди. Эл эңсегенине жетип, кыргыздын эгемендүү мамлекети түзүлдү.
“Манастын” сабагы ушул: эл-журттун, мамлекеттин башында акча, алтын, бийлик, байлык, кумары менен бириккен, сырт жагын кооз фразалар менен сулуулай билген, ичтеринен жеке кызыкчылыктарды туу кылган кандайдыр бир индивидуалисттик мафиялык топ эмес, Манастай, Бакайдай, Кошойдой калктын кулу болуп кызмат кылган, улуттун улуу мүдөөлөрү менен ширелишкен дили таза мекенчил чыгаандар турганда гана өлкөнүн “ташы өйдө карай куламак”.
Манас, Бакай, Кошой – үчөөнүн достугу калк лидерлеринин улуттун стратегиялык мүдөөлөрү менен бириккен жарандык улуу ынтымагынын өрнөгү. Биз үчүн өлбөс-өчпөс рух сабагы, ар дайым эске тутуп, колдоно турган насыйкат.
Советбек Байгазиев
"Азия Ньюс" гезити











