Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээнетибизди жеген кожоюндун уулун майып кылып кеттик...

Мээнетибизди жеген кожоюндун уулун майып кылып кеттик...

03-апрель, 14:19
1 880 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Эссе ордуна)

Үйлөнүүгө акча топтоп, алты ай чет жакка иштеп келүүнү чечтим. Коңшулаш казакстандын Астана шаарына жумушчуларды чогултуп жаткан жарыяны таап, ал тарапка аттанып калдым. Баары мага окшогон он гүлдөрүнүн бири ачыла элек жигиттер. “Жарыбаган айлык баскан турганыбыздан артпады, кичине иштеп буттан туруп келели” дешип жашоолоруна нааразы. Кандай болсо да жерибиз ыйык эмеспи. Мекенибизден алыстаганга жүрөк бир “булк” деп алды. Жетер жерибизге да жетип, эки топко бөлүндүк. Биз шаар четиндеги көчөлөрдүн бирине жайгашып, казактын бир көпөсүнө хан сарайга окшогон үй салмак болдук. Мени менен жашап жаткан 7-8 баланын ар биринин алдыга коюп келген максаты бар эле. “Буюрса жакшы акча алып калсак, бизнес кылабыз” деп кыялдары алыска учат.  

Ар бирибиз максаттарыбыз үчүн үйдү эртерек салып бүтүрүүгө далалаттанып, күндөп-түндөп иштедик. Ишибиздин жыйынтыгы чыгып, заңкайган үй да туруп калды. “Мекенибизге кетебиз” деп жүрөк толкунданат. Кожоюнубуз бул аралыкта тамак-аш менен камсыздап, болор болбос гана акча карматчу. Убадасы боюнча акчабызды кетерибизде колубузга алмакпыз. Акча ала турган күн да жетип келди. Көпкөн кожоюнубуз акчаны экинчи кабаттан үстүбүзгө чачты. “Эми менин берерим ушул, калганын дагы бир ай күткүлө. Кааласаңар жол ачык кете бергиле” деп бизди шылдыңдуу карап басып кетти. Акчаны санасак, ар бирибизге 20 миң теңгеден айланат экен. А биз 200 миң сомдон алмакпыз. 20 миң теңгебиз араң эле жол киребизге жетет. Үстүбүздөн муздак суу сепкендей шаабайыбыз сууп отуруп калдык. Эки-үч күндөй эмне кылаарыбызды билбей соолуп жаттык. Ары ойлондук, бери ойлондук. Бул көпөс баарын алдын ала ойлонуштуруп кылганын кеч түшүндүк. “Бирөө жарымга арызданалы” десек, албетте, баары мунун сөзүн сүйлөшөт. Колунда акча бар. Баарын сатып алат. Бир айлап акча күтүп жата берсек таптакыр көчөдө калчудайбыз. Акыры кетүүнү чечтик. Жаңы салынган үйдүн жанында мал сарай бар болчу. Мал сарайда асыл тукум уйлар багылар эле. Кожоюндун уулу күн аралата келип, уйчуга жолугуп, уйларына көз салып кетчү. Ал уулу дал биз аттанарда кокусунан пайда болду. Ызага муунган каны кызуу балдар кой айга келбей 15 жаштагы өспүрүмдү тумшукка муштап, жерге жыгылганда тепкилеп жиберишти. Көз ачып жумганча бул окуя болуп кетти. Качкан бойдон жолго чыктык. Таксиден такси алмаштырып, качып келе жаттык. Кудай жалгап чек арадан аман-эсен өз өлкөбүзгө өтүп кеттик. Келип эле болгон окуяны ата-энеме түшүндүрүп, жайлоодогу таякемдикине кеттим. Эс учун жоготуп жаткан кожоюндун уулу көз алдыман кетпейт. Жарым айга жакын жайлоодо жүрүп, “эмнеси болсо да маңдайыма жазганын көрөрмүн” деп үйгө кайттым. Менин абалым туугандарымдын, ата-энемдин жүрөгүн оорутту...   

Жакында мени менен Казакстанда бирге иштеп келген Максатка жолуктум. Эс учун жоготкон кожоюндун уулу майып болуп калыптыр. Биз кеткенден кийин ал аябай издөө салып, Астанада иштеген кыргыздардын баарына ачуу сөздөр менен кайрылып, ызы-чуусун чыгарыптыр. Кожоюндун баласын мындай абалда калтырып кетүү үч уктасак да түшүбүзгө кирген эмес. Бирок ач көздүгүнүн айынан Кудайдын жазасын алгандай болду. Ошондуктан, бир боорлорум бирөөгө жамандык кылсаң, бирөөнүн мээнетин жесең, жараткан өз жазасын берет. Силер дагы мынчалык азап тартып чет өлкөлөп иштөөгө кызыкпай, өз өлкөбүздө эле тынбай эмгектенсеңер сөз жок мээнетиңердин акыбети кайтып келет... 

Айдар Муратаалы уулу 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер