Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Феликс Кулов: “Акаев актанса да алтын маселесин алдыга жылдырып, өлкөгө пайда келтирели”

Феликс Кулов: “Акаев актанса да алтын маселесин алдыга жылдырып, өлкөгө пайда келтирели”

21-май, 09:28
1 478 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кумтөр боюнча оор маселе көтөрүлүп, бир топ иштер орун алды. Бирок аягына жетеби? Акыры эмне болот? Коркунуч көптөй...

-- Кумтөр боюнча биздин мамлекеттик комиссиянын иштерин толук колдойм. Абдан эле туура иш кылышты. Баары жакшы чечилсе, элибизге пайдасы чоң болот. Жалаң гана оң баа берем жана мындан аркы иштерге ийгилик каалайм. Садыр Жапаров Кумтөр үчүн күйүп-бышып түрмөгө чейин жатып чыкты. Эми президенттик такка отурганда абдан чечкиндүү кадам таштады.

-- Аскар Акаевдин убагынан берки күнөөлүүлөрдүн тизмеси жарыяланды. Сиз кошуласызбы?

-- Канчалаган чиновниктердин ысымдары аталып жатат? Бирок баарын тергөө иштери далилдейт. Мен алгачкы президент Аскар Акаевдин маегине көз жүгүрттүм. Ал киши “менин Кумтөр боюнча күнөөм жок” деп Акылбек Жапаровду айыптап чыкты. Актанды. Биздин саясатчылардын кимиси күнөөлүү, кимиси күнөөсүз экени экинчи маселе. Биринчиден, Кумтөрдүн ишин, алтын маселесин алга жылдырып, өлкөгө пайда келтирүү.

Азыр кандай болуп кетет белгисиз болуп турат. Бирок адистер гана иш алып баруулары шарт. Кумтөрдүн иши токтоп калбаш керек. Кумтөрдүн жетекчилиги, мыкты инженерлер иштен кетсе ким иштейт? Төңкөрүш жасагандар Кумтөргө келип алышса, эмне иш аткарышат? Ошондуктан өкмөттөн жакшы көзөмөл керек. Сот кандай уланат, арбитраж кандай болот – бул юристтердин жумушу. Буюрса жакшы чечилет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер