Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус жуктургандар арасында 6 айдан 14 жашка чейинки балдар бар

Коронавирус жуктургандар арасында 6 айдан 14 жашка чейинки балдар бар

12-январь, 11:57
951 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жугуштуу оорулардын республикалык клиникасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиевдин маалыматына караганда, соңку жумада дарыгерлерге кайрылгандардын саны үч эсеге көбөйдү.

“Өткөн жумаларда эле биздин ооруканага күнүнө 20-25 киши кайрылып аткан болсо, азыр 75-80ге чейин көбөйүп, алардын теңи ооруканада жатып дарыланууга өтүүдө. Коронавируска чалдыккандардын көбү орто курактан өйдө жашагандар, вакцина албагандар. Мындан сырткары, кичине балдар да бар. Алардын эң кенжеси 6 айлык наристе” деди Гүлжигит Аалиев.

Жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында 100дөн ашык медицина кызматкери иштеп жатат, алардын 20дан ашыгы дарыгерлер.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 12-январга карата вирус жуктургандардын саны 465ке чыкты. Бул акыркы бир нече айдагы эң чоң көрсөткүч.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер