Көз алдымда аялым аракка берилип баратат...

Биздин баш кошконубузга 12 жыл болду. Ал ортодо төрт балалуу болдук. Мен базарга соодага чыгам. Балдарым сабактан кийин мага жардам беришет. Аялымдын башы айланып, колу-буту муздай бергенинен ооруканага алып барсам, “кан айлануусу начар экен” деп дары-дармек жазып берген. Аны бир аз ичип, ичпей койду. Анан бир курбусу “күндө 100 гр арак ичип турсаң, кан суюлуп, сонун болуп каласың” дейт. Бир жума арак ичип, “жакшы экен” деп жүрүп, көбөйтө баштады. Бир күнү жумуштан келсем, үйдүн ичи бүт чачык. Ашканага кирсем, столдун үстүндө уктап жатыптыр. Мени тааныбайт, тургузсам турбайт. Эртеси “мындай экинчи кайталанбасын” деп жумушка кеттим. Ошентип күндө мас, айлам куруп, эмне кыларымды билбейм. Ооруканага жаткырайын десем, жалынып-жалбарып, “мени уят кыла көрбө” деп суранат. Кайра эле жанагы акыбал... Эмне кыларымды билбей, башым катты...
Кубан
"Азия Ньюс" гезити