Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдикарим Алимбаев Баткенге губернатор болгону контрабанда, наркобизнес гүлдөдүбү?

Абдикарим Алимбаев Баткенге губернатор болгону контрабанда, наркобизнес гүлдөдүбү?

23-сентябрь, 11:23
1 520 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Генерал Өмүрбек Суваналиев Баткен облусунун губернатору болуп турганда контрабандалык товарларды, наркотрафикти кан буугандай токтоткон. Ал кызматтан кеткенден кийин бардак башталганы эсибизде. Тажикстан аркылуу Баткенден 440 кг героин (баасы 40 миллион долларлык) өтүп, Оштон кармалганы кабарланган. 

Учурда Баткен облусун Абдикарим Алимбаев жетектеп отурат. Бул башынан эле контрабанданы көзөмөлдөөчү катары айтылып, ызы-чууга кабылганын кантесиңер? Убагында көп сандагы курал-жарактардын жоголушуна да айыпталып, кызматынан айдалганын унутуп калдыңарбы? Дал ушундай “калбыры” бар кадр Баткен облусун жетектеп турганда, контрабанда, наркобизнес гүлдөп атканы ыраспы? Эмне үчүн тийешелүү органдар Абдикарим Алимбаевдин сары изине түшүп, көзөмөлгө алуу менен баа беришпейт? Бул суроолор жоопсуз калбашы керек. Азырынча “кара дүйнөгө”, кирдүү байлыкка байланыштуу көшөгө артынан күбүр-шыбыр кептер козуй баштады... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер