Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Молдомуса Конгантиев: “Мен кайрадан министр болуп калсам, бул түлкүнү түп орду менен жоготом!”

Молдомуса Конгантиев: “Мен кайрадан министр болуп калсам, бул түлкүнү түп орду менен жоготом!”

25-февраль, 09:00
5 996 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалал-Абад, Баткен ОИИБде начальник болгон, учурда Ош ШИИБни жетектеп отурган Акылбек Мамасейитовдун амбициясы ашынып, карьералык секик жасоого жулунуп атыптыр. Буга чейин ИИМдин орун басарлыгына өтпөй калып, эми Бишкек ШИИБге көзүн кызартканын эшиттик. Бул кызматтагы Азамат Ногойбаевдин иштей албай атканынан пайдаланып, креслосун тартып алууга билек түргөндөй. Негизи Мамсейитов чоңдорго, таасирдүү адамдарга жүгүнүп, мамилени “пайлап” кылары белгилүү. Анүстүнө капчыктуу, “кызыл шапкечендердин” ичинен эң байлардын катарында турат. Акчанын күчү менен кызматтарды аркалап келатканы жалганбы? Эми да Бишкек ШИИБни башкарууга жетишсе, андан ары министр болууга бир кадам калат. Бирок, Акылбектин ойноок экени, кечээги жакшылык кылган адамдарын сатып кете бергени, милициядан байыганы эмнени билдирет? Президенттин администрациясы, жогорку жетекчилик кылдат иликтөө кылса... Алдын ала коңгуроо кагып койдук!

А баса, бул эргулду убагында маркум Молдомуса Конгантиев бапестеп, карьералык өсүш жасатып, кызматтарга көтөрмөлөп, чоңойтуптур. 2010-жылдан кийин бийлик алмашканда Мамасейитов 180 градуска бурулуп, шефин тааныбай кетет. Кабар да албай. Ачууланган Молдомуса: “Эгер мен кайрадан министр болуп калсам, бул түлкүнү түп орду менен жоготот элем” деп айтканы коомчулукка желдей тарап кеткенин кантесиңер? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер