Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуттук көргөзмөдө тебетейди унутуп, турсий илип, элдин кыжырына тийдик

Улуттук көргөзмөдө тебетейди унутуп, турсий илип, элдин кыжырына тийдик

01-декабрь, 13:58
4 316 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде көргөзмө өтүп, ал жерге ич кийимдердин илингени, бабалардын салтына жат жазуулар жазылганы, анан дагы жылаңач айымдарды көрсөтүштү. Батыштын балекетиби? Мунун кесепетинен коомчулукта чыңалуу жаралды. Музейдин директору Мира Жангарачеванын мындай калпыс ишмердигин кандайча баалайбыз? Кызматынан кетиши керек да, туурабы?

Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, орун басары Нуржигит Кадырбеков үн чыгарып койгонго да жарабады. Буларга кыргыздын баалуулуктары, көркөм өнөрү бир тыйын окшойт. Анан калса, бул жерде улуттук намысыбызга да шек жаратып атышат. Министр Жаманкуловдун деңгээли жетпесе да, берки орун басары Кадырбеков “маанисиз даават” айткандан көрө дал ушундай көйгөйдөн оозанса болбойт беле? Кадрлар “кашаңданса”, көрөгөч болбосо мамлекеттик башкарууга шек кете берет турбайбы...

Кыскасы, Кыргыз улуттук сүрөт музейине тебетей илинбей, турсийди жарнамалап, элдин кыжырына тийүүдө эмне мандем бар? Бейөкмөтчүлөргө жакын Мира Жангарачева атайын эле кыянаттык кылып аткан жокпу? Жооп бербейби?..

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер