Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Матраимов аз күндө жалаа жабууларга, чагымчылык көрүнүштөргө жооп кылат

Матраимов аз күндө жалаа жабууларга, чагымчылык көрүнүштөргө жооп кылат

03-декабрь, 15:09
1 022 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бийликке талап коюп, лакылдап, кыйкырып, митингге чыксаң эле кызмат аласың, же кандайдыр бир “соодалашуунун” өтөөсүнө жетесиң” деген түшүнүк калыптанып баратат. Органдар көйгөйлөрдү чечүүдө дыкат, кылдат анализ жүргүзүүнүн ордуна кулактарын жапыргандай болушуп, эптеп эле коомчулукту тынчытуунун амалы менен келаткандай болууда.

Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директорлугуна дайындалган Рита Карасартова мурдатан Батыштын идеологиясын жүргүзүп, капчыгын кампайтып, көчөдө кыйкырып жүрчү эмес беле? “Гей-параддын” көркүн чыгарып. Бүгүн болсо “майталкандуу” жылуу орунга жылып кетти. Ал жаштарга кантип үлгү көрсөтөт? Коомчулук аң-таң боюнча калды.

Дагы бир “Гей-параддын” лидерлеринин бири Улан Үсөйүн “Райым камалсын!” деген лозунгду көтөрө чыга калып, саясаттан кабарсыз жаштарды үндөө менен талап коюшту. Райым Матраимов күбө катары суракка чакырылды. Бейөкмөтчүлөрдүн “шеринелеши” Улан Үсөйүн сыяктуулар каалагандай кыйкыртып, маселенин тереңин түшүнүшпөй, чагымчылык кыла беришсе эле жарай береби? Айтор, учурда бузукулар кынык алышып, бийликти жарга такоо жагынан адистешүүгө жол чабышты.

Мындан сырткары, Чолпон Жакупова, Ширин Айтматова өңдүү “шиңгилдер” коомчулукту козгой береби? Же буларга да кызмат бериш керекпи? Дээрлик активист сөөрөйлөрдүн, “агенттердин” АКШ элчилиги менен кызматташуусу анализге алынбай жатканында эмне сыр бар?..

Ал эми Райым Матраимов өзүнө коюлган дооматтар, жабылган жалаалар боюнча жооп кыларын билдирген. Жакынкы күндөрү интервьюсу чыкса, көп суроолорго чекит коюларына ишенип турабыз. Чапкан сайын эле көз чыга бербейт да, бейөкмөтчүлөрдүн ультиматуму да сына турган кез келет...

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер