Улан Примов УКМКга “кускан” миллиондорун доолап атабы?


Көпөс кейиптенген Улан Примов аттуу депутат бар. Алайлык. Ажого кошомат кылса, жанында чыдап тура албайсың. Ушундай өнөрү менен улам бир келген президентке жагынып, байып, жармач жашоосун баштан кечирип келатат. Маркум Алманбек Анапияев тирүү кезинде “оту менен кирип, күлү менен чыкканы” аңыз кепке айланган эмеспи? Агез эми өттү, кетти...
Бул байбача убагында УКМКга миллиондорду “кусуп”, башын шылкыйтып, шүк эле жүрсө, азыр эмне болуп одураңдап калган? Көмүскөдөн ар кимге арызданып, Камчыбек Ташиевден өч алууну, алдырган баштык-баштык акчаларын кайра кайтаруунун камындабы? Учурунда чындыкты айтпайт беле? Же кыйды пендеге айла жокпу? Кыскасы, кырынан коюлган суроолор арбын. “Төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун” демекчи, эми тек эле жүрсө...











