Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Догдургүл Кендирбаева: “Аялдардын шайлоого катышуусуна каршылыктар чоң”

Догдургүл Кендирбаева: “Аялдардын шайлоого катышуусуна каршылыктар чоң”

19-март, 18:38
754 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт иштери башталды. Андагы аялдардын орду тууралуу сүйлөшсөк. Аялдар квотасы канчалык деңгээлде маанилүү?

-- Абдан маанилүү. Эгерде аялдарды чечим кабыл алуу органдарына, саясатка аралаштырбасак, бүгүнкү күндө коомдо терс чакырыктар көбөйүп, шайлоого, бийликке жолотпоо үгүттөрү бар. Ошондуктан 30 пайыздык квота сөзсүз керек. Ал жеке эле аялдарга эмес, эркектерге да тийешелүү. Балким, кээ бир жерде жалаң аялдарга ишенип добуш берип койсо, анда эркектердин квотасы 30%дан кемибеши керек. 

-- Ошол эле партияларда дейли, же эл арасындабы, аял кишини шайлоо мезгилинде колдоого алуусун кандай баалайсыз?

-- Аялдардын шайлоого катышуусуна өтө чоң каршылыктар бар. Эмнегедир акыркы жылдары мындай көрүнүштөр күчөп атат. Радикалдык дин бөгөттөрү, стереотип, жакырчылык менен пассивдүүлүк дагы себеп болууда. Буга эркектердин ар тараптуу үстөмдүгүн кошсок болот. Ал эми аялдарга тең укуктуулук берилип, мамлекеттик нормалардын түзүлүп жатканы жакшы көрүнүш жана колдоо катары эсептейм. 

Партияларга келсек, алар каалайбы-каалабайбы, мамлекеттик саясатты аткарууга милдеттүү. Эгер ал шарт аткарылбаса, БШК тарабынан шайлоого катышуу укугунан ажырашы мүмкүн. Ошондуктан, нормалардын чегинде ар бир партия аялдарды шайлоого катыштырууга милдеттүү. Башка маселе, кимдердин катышкандыгында? Чындыгында өтө таасирдүү, саясыйсоциалдыкэкономикалык жана маданий маселелерди чечип жүргөн жигердүү аялдарды катыштырабы, же өзүнүн жакын тааныш-билиштерин катарына алабы? Негизи партия лидери өз кызыкчылыгын көздөп, сөзү өткөн команда топтоп бара жаткан фактылар да жок эмес. 

-- Берилген 30 пайыздык квотаны өзгөртүп, көбүрөөк орун алууга мүмкүнбү?

-- Мүмкүн. Бул далилденген. Саруу айылындагы жаштар ичинен аялдарды шайлоого таптакыр катыштырбоо жөнүндө Жогорку Кеңешке, президентке кайрылуу жасалган. Бирок, шайлоодо элдин көпчүлүгү аялдарга добуш берип, аял киши айылдык кеңештин төрайымы болгон фактылар да бар. Андай кезде 30 пайыздык квота автоматтык түрдө эркектерге берилет. 

-- Аялдар саясатка келгенден кийин мамлекеттин кандайдыр бир маанилүү иштеринде алардын чечими эске алынуусу керекпи?

-- Сөзсүз түрдө эске алынышы керек. Өлкөдө болуп жаткан чоң коррупциялык иштердин баарынын аркасында эркектер турганы маалымдалып атат. Криминалдык топко аралашкан аялдар жок да. Мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгына алмаштырган аялдар тууралуу уккан эмеспиз. Мындан улам чечим кабыл алуу органдарында аялдардын орду сөзсүз керек. Аялдар социалдык шарттын жакшырышын колго ала турган демилгелерди көтөрүп чыгарына толугу менен ишенем.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер