Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрөбай Зулпукаров: “Биримдик” сапаттуу курамы, реалдуу программасы менен бийик”

Төрөбай Зулпукаров: “Биримдик” сапаттуу курамы, реалдуу программасы менен бийик”

28-сентябрь, 14:58
848 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шайлоо өнөктүгүнүн алкагында «Биримдик» партиясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров Ноокат жана Араван районунун тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө. Жергиликтүү тургундар менен жолугушуу кызуу маанайда өтүп, коомчулуктун көңүл борборундагы көйгөйлүү маселелер талкууланып, сунуш пикирлер айтылды. Ошондой эле Төрөбай Зулпукаров шайлоочуларга кайрылып, төмөнкүлөргө токтолду. 

“Биздин уул деп колдоп жүрүп, эл уулуна сиздер айланттыңыздар. Сиздердин алдыңыздарга “акча таратам, же социалдык объекттерди салып бергем, эми мага добуш бериңиздер” деп келген жокмун. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, элиме зыярат кылганы келдим. "Мекенди сүйүү ыймандан" деген сөздү көп кайталайм. Мекеним деп бир гана кичи мекеним Ноокатты айтпайм. Менин үйүм, жердешим, тууганым Кыргызстандын ар бир аймагы, ар бир облусу. Ноокат жерин, элин кандай сүйсөм, Чүй, Нарын, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абадды ошондой сүйөм" деди.

Ага кошумча, таза шайлоо элдин колунда экенин, бир күндүк напсиге алданбай, келечек үчүн тандоо жасоону, бул тандоо өлкөнүн келечегин аныктай турганын баса белгилеп, “биз шайлоого таза курам, таза ниет менен аттандык. Биз өз максатыбызга жетүү үчүн шайлоонун ыплас технологиясын колдонуп, атаандаштарыбызды жөнү жок каралап, ар кандай кутумдарды уюштурбай, таза күрөш жүргүзүп жатабыз. Айрым партиялардай болуп куру доомат менен аларды каралагандан алыспыз. Биз өзүбүздүн конкреттүү алдыга койгон максаттарыбызды гана айтабыз.  Атамдын бир сөзү бар эле, "эгер элдин талкуусунда көп жүрсөң, демек, сен туура жолдо жана ийгиликтин босогосунда турасың" деген. Ушул сөз мага дем берет. Дагы бир жагдай, шайлоо алдында эптеп добушка ээ болуш үчүн кимдир бирөөнүн жасаган эмгегин менчиктей калып,  кээ бирлери мен жасаган иштерди "мен кылдым"  деп көкүрөк   кагып жатышат.  “Уялбагандан өзүң уял” демекчи, алардын бул кадамынан мен уялып жатам. Бирок элибиз көрөгөч. Баарын көрүп, билип турат" деп кошумчалады.


«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер