Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жарым паашага айланган Камчыбек Ташиевдин таасири огобетер жанданды

Жарым паашага айланган Камчыбек Ташиевдин таасири огобетер жанданды

13-октябрь, 11:20
929 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Былтыр Өмүрбек Текебаев кезексиз президенттик шайлоого чыга турганын жарыя кылып, саясый элитаны дүрбөтүп койгон эле. Көп узабай Садыр Жапаров оозун басып, Германияга элчи кылып жөнөткөн. Бирок ал тема саясатчылар чогулган жерлерде, аш-тойлордо, чайканаларда козголуп, козуп келгени ырас. А жакында мындай аракеттерге жарым-жартылай чекит коюлгансыды.

Эгерде ички кырдаал кырдыбычагына айланып кетсе, бийликтеги таасирдүү фигура, ресурсу жагынан камчы салдырбаган Камчыбек Ташиев кезексиз президенттик шайлоонун фаворитине айланмак. Аны жактаган аксакал-көксакал тарапташтары, элита катмарындагы көсөмдөр копшолушуп, бир келген шансты коё беришпей турганын саймедиреп келишкен. Бирок, жакында эле парламент төрагалыгына Нурлан Шакиевдин көтөрүлгөнү, Садыр Жапаровдун соңку маегиндеги “Ташиев мени менен аягына чейин кызматта отурат” таризиндеги жообу түпөйүл жүрөктөрдү ылдыйлатты. Жарым паашага айланган каарманыбыздын таасири огобетер жанданды. Мындай шартта президентти жактырбаган өз колдогу акылмандар мулуңдашып, “Ташиевдин азыркы ордун эле сактайбыз, кезексиз шайлоого барып, тобокелдикти башыбызга урабызбы? Өкмөт башчы болсо да “камикадзе” кыйроосу көрүнүп турбайбы!” деген пикирлерин жылдырышып, азыркы башкарууну гана чыңдоого, туруштук берүүгө бел байлашкандай. 

Акыркы айларда Камчыбек Ташиевдин колу узарып, парламент спикерин алганы, бажы, каржы булактарын тескегени, коррупцияга каршы күрөшкөнү, дээрлик күч органдарын, сот, прокуратураны көзөмөлдөгөнү ж.б. тармактарды ийге келтиргени, айтор, 70 пайыздык башкаруу бийлиги алаканында ойноп калганы эмнеден кабар берет? Мындай шартта кезексиз президенттик шайлоого барып, багалектен айрылып калуу ишпалдасын кантип элестетебиз? Андыктан, Камчыкеге өз мөөнөтүндөгү шайлоо керек, ага чейин саясый рейтинги кандай болот? Командасын дагы жаңылайбы? Мына ушул маселенин айланасында машакаттар бар... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер