Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда жаңы жылдык эң бийик балаты Ошто орнотулат

Кыргызстанда жаңы жылдык эң бийик балаты Ошто орнотулат

19-декабрь, 13:45
1 150 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жыл майрамына карата балаты орнотулуп жатат. Баланын бийиктиги 30 метрди түзөт.

Каражатты үнөмдөө максатында өткөн жылдагы эле балаты кайра орнотулат. Анын узундугу 28 метр, төбөсүндөгү жылдызчасы 2 метрди түзөт (жалпы 30 метр). Балаты 25-декабрга чейин жандырылат. Жасалгалоо иштерине шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланып, аны 973 миң сомго жеке ишкер утту. Балаты этно стилде жасалгаланат.

Өткөн жылы Ош шаардык мэриясы тарабынан балаты орнотуу жана кооздоо иштерине 1,4 млн сом бөлүнгөнүн жазган. Борбордук аянтка орнотулган балатынын бийиктиги 27 метрге жетип, башына 2 метрлик жылдызча орнотулган. Муну менен ал өлкөдөгү эң бийик балаты деп табылган.

Ал эми Бишкек шаарындагы учурдагы балатынын бийиктиги 27 метр.
Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер