Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көптөн күткөн кызыл китеп. Бишкектиктер жер тилкелеринин документтерин ала башташты

Көптөн күткөн кызыл китеп. Бишкектиктер жер тилкелеринин документтерин ала башташты

23-ноябрь, 18:44
1 891 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мыйзамсыз делип, жер тилкелерине документ алалбай жүргөн жарандар кызыл китептүү болушту. 

Борбор калаада жер амнистиясынын объектилерине берилген жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Белгилей кетсек, шаардыктар ондогон жылдардан бери үйлөрүн, жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келген.

«Президент Садыр Жапаровдун чечиминин аркасында эл көптөн күткөн документтерин алууда. Кызыл китептин алгачкы ээлери – сиздерди куттуктайм! Сиздер узак жана татаал жолду басып өттүңүздөр. Сиздердин тажрыйбаңыздар башка шаар тургундарына документ алууга жардам берет» деди шаар  мэри. 

Белгилей кетсек, райондук администрацияларда атайын түзүлгөн комиссиялар иштеп, алар иш кагаздарын даярдоого катышат. 

Бүгүн, 23-ноябрда 26 жаран кызыл китеп алды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер