Акыркы кабарлар
» Саясат » Иса Өмүркулов спикер, Акылбек Жапаров премьер-министр болобу?
Иса Өмүркулов спикер, Акылбек Жапаров премьер-министр болобу?
14-август, 22:37

Парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен аттанышкан Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин төрагалыгын кыялданса, Акылбек Жапаров өкмөт башчылыкты басып жыгылууну эмитен эле мелжеп атыптыр. Чындыгында экөө тең аталган орундарга татыктуу, тажрыйбалуу саясатчылар экенинде кеп жок. Бирок, “кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” дегендей, азырынча алдын ала болжоо кыйын. Жеңишке жеткен команда коалицияны курайт эмеспи. Ал эми реалдуу прогноздор боюнча алсак, Райым Матраимовдун көзөмөлүндөгү “Мекеним Кыргызстан” партиясы 50 мандаттан ашык алары айтылууда. Көпчүлүк шайлоочулардын колдоосуна арзыса, ийгилик жылмайганы ошол да, туурабы?
"Азия Ньюс" гезити