Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Доскул Бекмурзаевдин “шойкомдуу” жүрүштөрү... Энергетика тармагын талкалап кетпейби?

Доскул Бекмурзаевдин “шойкомдуу” жүрүштөрү... Энергетика тармагын талкалап кетпейби?

19-ноябрь, 11:23
1 648 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаевдин таржымалы саясый элитанын тар чөйрөсүндө бүйүр кызытууда. Бакиевдин кандуу режими тушунда бул эргул “Ошэлектрону” жетектеп жүрүп, жумуштан айдалып кетет. 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттү жетектеп калат эмеспи. Ошондо кеп башталат, улам бир таластык жердешин президентке киргизип, “Түндүкэлектронун” жетекчилигин алууну сурана бергеничи?.. 

Ушул жерден кызык жагдайга токтололу. Роза Отунбаева “Рыскелди (Момбеков), сен төртүнчү адам катары Бекмурзаевди айтып келип атасың. Ал жарабайт, иштей албайт!” деп таккесе жооп берет. (Береги кызматтын “шапкеси” 200 миң доллар беле?) Ошол бойдон бул маселе жабылуу бойдон калыптыр. 

Кийин Алмазбек Атамбаев президент болгондо да Доскул Бекмурзаев ортомчуларды салып, бирок “Түндүкэлектрону” ала албай коёт. Качан гана Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден соң “каарманыбыз” кыялындагы кызматка жетип, бирок көп узабай былтыркы төңкөрүш болуп кетет. 

Жаңы бийлик келгенден кийин Доскул Бекмурзаев кайрылуу жасап, коллегаларын митингге чыгарып, бир жагынан Көкүйгө чабарман чаптырып, айтор, миң кырлуу амалданып жатып, акыры министрлик ээрге минди. Ишин тыңгылыктуу баштабай жатып, “Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштадык” деп айтканы, көп өтпөй коңшу өлкөнүн расмий бийлиги калпын чыгарганы белгилүү. Көрсө, жөн эле урдуруп коюптур. 

Учурда энергетикалык кризис апогейине жетип баратат. Доскул мырза элдин үмүтүн актап, камчы салдырбай иштеп кетеби, же өмүр бою кыялданган “майталкан” кызматтан чөнтөгүн кампайтабы? Күч органдары “шойкомдуу” бул кадрды тыкыр көзөмөлдөбөсө, экономиканын кыраркасы болгон тармагыбызды “сындырып” туруп, баса бербейби?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер