Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Такси чакыртып, жарык тартуулаган адамды жолуктурдум

Такси чакыртып, жарык тартуулаган адамды жолуктурдум

26-октябрь, 15:01
490 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Таң менен талаша такси чакырттым. Чынымды айтайын, ошол кезде жаныма жарык тартуулаган адамды жолуктурдум десем болот. 

Ошентип такси келди, отурдум.  Бирок эси-дартым телефондо. Жумуштагы суроолорго жооп берип үлгүрбөй жатам. 

-- Сизге шамал тийбей элеби?

-- Жок, рахмат, баары жакшы.

-- Үшүгөн жоксузбу? 

-Жо-жок, ырас айтам, баары жакшы.

-- Конфет жейсизби? Азыр гана дүкөндөн алып чыктым. Даамы укмуш экен. Бал кошулган. Мен ушундайларды жакшы көрөм. Адатта жолоочуларга же деп суна деле бербейм. Ыңгайсыз. Бирок сизге сунгум келип кетти. Жеңиз. Өтө даамдуу. Жейсизби?

-- Жейин. 

Ал конфет салынган коробканы мага кармата салды. Мен тамашалап, "неге рейтинги жогору экенин эми түшүндүм" дегендей мактоолорду айттым. Светофорго келип токтодук. Унаанын жанына гүл саткан балдар жакындашты.

-- Гүлдү жакшы көрөсүзбү?

-- Жакшы көрөм, аябай...

Ал балдарды токтотуп, мага гүл сатып берди. Эки көзүм жарк дей түштү. Эки ээгим, эки кулагымда болуп келатабыз. Не болуп кетти?” деп ойлоп коём. Таң эми атып келет. Али уйкум ачылбаган сыяктуу... 

Бала тууралуу аңгеме козгодук. Анын кызы экинчи курста Польшада окуйт экен. Кызы тууралуу айтканы мени өтө ыраазы кылды. 

-- Билесизби, Зоя, бул өмүрдө балам барына миң мертебе шүгүр деймин. Жубайым бар. Жумушум. Ушунун баары өзүмө абдан жагат. Кээде кызым коңгуроо чалып, акча сурайт. Ал алыста, Польшада. Сагынат да. Мен анын карточкасына акча салып жиберем. Ошол кезде жанымдын кандай рахаттанганын билсеңиз го! Өмүр керемет болуп кетет. Өз балама жакшылык жасаганыма чексиз кубанам. Ыраакта жүргөн балапаным өзүнө кийим сатып алганын, достору менен пицца жегенин элестетсем, жаным жай таап, көңүлүм кубанат. Жубайымды маникюрга алып барганда дайым акчасын өзүм төлөйм. Мындай кезде да өзүм ажайып сезимде болом. Ал анан эки апта бою мага маникюрун көрсөтүп, балача ыраазы болот. Аны кубантуудан кандай таасирленгеними билсеңиз! Мен үй-бүлөмө жакшылык жасадым деп кубанам. Андан кийин көңүлүм дайым шат жүрөт

Ушул жерине келгенде чалып жаткан тынымсыз коңгуроолорду өчүрө бердим. 

-- Билесизби, көчөдөн бактылуу адамдарды аз көрөм. Жакында тааныштарымды кездештирип калдым. Алардын эки баласы бар. Улуусу 3-класска, кичүүсү 1-класска барды. Алар азыр баланы мектепке даярдоо кандай кыйын экенин айтышты. Балага мектеп формасын алып берүү кымбат болуптур, курска жазуу андан да кымбаттаптыр... 15 мүнөт ошону айтышты. Өң-алет жок, кубарып кетишкен. Анан мен аларга мунун чечими бар дедим. Не айтканымды билесизби? “Эгер бала багуу кыйын болсо, балдарыңарды үйдүн жанындагы балдар үйүнө тапшыргыла” дедим. “Анда мектеп, кийим деп убайымдабайсыңар” дедим. Алар мага, “аның эмне? Жок, болбойт, алар биздин балдарыбыз, жакшы көрөбүз” дешти...

“Бала силердики болсо, Кудайга акыл-эси бүтүн, он эки мүчөсү соо бала бергени үчүн ыраазы болгула. Жер бетинде канча адам балага зар болуп күн өткөрөт. А силерде бала бар. Тагдырдын сыйы. Балдарыңарды жакшы көргүлө. Алар үчүн колдон келгендин баарын жасагыла. Жакшы көрө албасаңар, балдар үйүнө тапшырып салгыла дедим. Карасам, элден өзгөчө бактылуу жандар, бирок ошонусу байкалбайт. Байкасаңыз, көп адам ошондой болуп кеткен, а? 

Ал ары карай бир нерселерди айтып атты. Мен үндөбөй уктум. Көзүмө жаш толуп, ыйлагым келди. Маникюрун төлөйм, балам үчүн бир нерсе жасасам рахаттанам деген сөздөр мээме жазыла берди. 

Таксиден түштүм да, дүйнөмдүн жапжарык болуп кеткенин түшүндүм. Мен үчүн керемет сабак болду. Өмүргө мынчалык терең көңүл бурбаган экемАр адам биз үчүн устат. Бүгүнкү күн жакшы өттү. Аллага шүгүр...


Которгон Баян Дүйшөбаева 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер