Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Искембаев: “Тору-Айгырга 300 мегаваттык күн станциясын салуу пландалууда”

Азамат Искембаев: “Тору-Айгырга 300 мегаваттык күн станциясын салуу пландалууда”

08-октябрь, 13:27
1 570 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маектешибиз күн электр станцияларын иштеп чыккан Бишкек «Солар» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. 

-- Азамат, канча убакыттан бери күн электр станцияларын чыгарып келесиздер?

-- Биздин компаниянын негизделгенине беш жылдай болду, ошондон бери кайра жаралуучу энергия булактары, айыл чарбасы тармагындагы жаңы технологияларды иштеп чыгуучу кыргызстандык, россиялык жана түркиялык энергетиктер бир катар эффективдүү экотехнологияларды иштеп чыгып, сынап көрүштү. Компания өндүргөн күн электр станциялары жана капсулдук сугаруу (капсула ирригациясы) сууну 70%га үнөмдөйт. Учурда компания дүйнөдө аналогу жок жаңы технологияларга ээ.

-- Сиздердин компания сунуштап жаткан күн электр станциясы кандай кубаттуулуктагы энергия бере алат?

-- Кыргызстанга 2-2,5 млрд. кВт/саат электр энергия жетишпейт. Биз бир жылда болжолу менен 1 млрд. кВт/саат күндөн алынган электр энергиясы менен камсыздай алабыз. Ошол эле Казакстандан сатып алып жаткан энергияны бизден алса болот. Сунушталып жаткан экотехнологиялардын өзүн-өзү актай турган мөөнөтү алты жыл. Алты жылдан кийин энергиянын өз наркын 50 тыйынга чейин түшүрө алабыз. Мындан элге жана мамлекетке пайда болот. Ал эми технологиялардын иштөө мөөнөтү, тагыраагы, кепилдиги 35-40 жылга чейин. Компания инвесторлор менен келишим түзүү аракетин көрүүдө. Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен меморандумга келишкенбиз. Ага ылайык, биз иштеп чыккан электр энергияны мамлекет сатып алат. 

-- Сиз айткандай, энергетика жана өнөр жай министрлиги менен келишим бар болсо, Кыргызстандын аймагына эле орното берсеңиздер болбойбу? 

-- Тору-Айгырга 300 мегаваттык күн станциясын салганга, компания иштеп чыккан панелдерге жана күн коллекторлоруна акча салганга даяр жергиликтүү инвесторлор бар. Андан эч кандай зыяндуу заттар бөлүнүп чыкпайт. 300 мегаваттуу станция орнотулса, 1 миллион тонна көмүр кычкыл газдын абага чыгуусунан сактап калабыз. Тору-Айгырда 300 мегаватт дегенибиз жөн жерден чыккан жок. Анткени Токтогулдагы агрегаттын бирөөсү 300 мегаватт электр энергиясын өндүрүп чыгат. Эгер Тору-Айгырдагы станция жайында свет берип баштаса, Токтогулдагы сууну 30%га чейин үнөмдөөгө жол ачылат. Долбоор уникалдуу, мисалы, Ысык-Көл боюнча жылына 2700 өлчөмүндө энергия керектелсе, Тору-Айгырда 3200-3300гө чейинки кубаттуулуктагы электр энергиясын алууга болот. Ал эми мындай ыкманы Бишкетеги көп кабаттуу үйлөрдүн үстүнө орнотуу сунушталган. Баш калаабызда күндөн алынган энергия 2250 кВт/саатты түзөт. Ысык-Көлдөгүгө салыштырмалуу 550-600 саатка аз. Бул Бишкекке караганда 35%га көбүрөөк өндүрөт дегенди билдирет. Экинчиден, ар бир көп кабаттуу үйгө орнотуу кошумча чыгымга алып келет, уруксат кагаздарын алуу талап кылынат. Мында өздүк наркынын баасы 1200-2000 долларга чейин чыгып кетиши мүмкүн. Ысык-Көлдө 5000 кишини тейлесе, Бишкекте беш эле адам тейленип калат. Ошондуктан бул жакта эффективдүүлүк көбүрөөк.


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер