Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанара АКУНОВА, модель: “Моделдердин бири-бирин көрө албаганы жүрөгүмдү оорутат”

Жанара АКУНОВА, модель: “Моделдердин бири-бирин көрө албаганы жүрөгүмдү оорутат”

01-октябрь, 13:55
1 187 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Модель карындашыбыз Жанара Акунованын эл аралык эрежесиз эр уруш мелдешиндеги “Октагон-герлз” (“1-раунд”, “2-раунд” ж.б. тактасын көтөрүп чыккан) кызматын татыктуу аркалап жүргөнүн көп көрөм. А жерге катардагы кыздарды чыгара бербейт. Татыктуунун татыктуусу тандалат. Биз Жанара менен ат жалында кеп учугун уладык.

-- Жанара, мектептин окуучусу экениңди билем, моделдик агенттикке кандайча келип калгансың? 

-- Туура айтасыз агай, мен борборубуздагы №4 гимназияда 10-класста окуйм. Моделдик агенттиктин кастингине курбу кызым 8-класска кирген жылы ээрчитип келген. Башында мойнум жар бербей, бир аз тартынып, өзүмө ишенбегенсип баргам. Толкундоолор болду. Жыйынтыгында мени токтоосуз эле кабыл алышты. Аз өтпөй фотосессиялар башталды, аларды улай подиумга басканды үйрөндүм. 

-- Шаардык кыздар ак кол, ак чүч болушат, сенден андайлар байкалбайт...

-- Анын баардыгы үйдүн тарбиясына байланыштуу болот. Мектептен тышкаркы убактымды текке кетирбестен чет тилдик курстарга барам. Англис, немис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйм. Апам тикмечи болгондуктан жумушуна барып жардам берип, кийген кийимдеримдин баарын өзүм бычып, өзүм тигем. Дизайн жагы да мени абдан кызыктырат. 4-5 ырчынын клибине тартылдым. Учурда да тартылып атам. Бир сөз менен айтканда, менде бош убакыт болбойт. Ашканада тамак жасап жатканда Алыкул Осмоновдун ырларына үңүлөм. Бир тобун жатка билип, аны көркөм окуйм. Сүйүктүү акыным десем болот. 

-- Сулуулар сынагына катышкансыңбы?

-- Мага Корея, Кытай мамлекеттеринен чакырыктар келген. Жашым жете элек болгондуктан ал жакка барууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. 

-- Модель кыздарда атаандаштык барбы?

-- Бизде өзгөчө байкалат. Бири-биринин артынан жаман сөз айтышат. Ушак-айың жүрүп турат. Болбогон нерсеге чатакташып, урушабыз. Кайра тил табышып элдешебиз. Кетирген кемчиликтерди оң жолго салып турабыз. 

-- Силерде дефиле сабагы барбы?

-- Биздин моделдик агенттик чакан болгондуктан, атайын деле мугалим жок. Улуулар кийинки муунга дефиле кылганды, подиумга туура, кооз басканды үйрөтөт. Жогоруда айтып кеттим, кыздар ортосунда көралбастык, бут тосуулар бат-бат болуп турат. Туруштук бере албагандар, жалкоолор, мүнөзү чатактар  кетип калышат. Чыдап, моделдиктин оор түйшүгүн көтөрө алгандар, анын жоопкерчилигин сезе билгендер калышат. Бирок, андайлар саналуу. Бир сөз менен айтканда, жеңил-желпи, куулук, шылуундук жол менен ийгиликке жетише калам дегендер бат эле иргелет. Маңдай терин төккөндөр, эмгекти сүйгөндөр, изденүүдөн тажабагандар гана алдыны көздөй жылып, ийгилик жарата алышат. 

-- Модель жаатындагы кыздар спорт менен дос болуусу керекпи?

-- Албетте. Төрт жашымдан бери эле гимнастика менен машыгып келем. Азыркыга чейин таштаган жокмун. Гимнастикадан сырткары сууда сүзүп, фитнес залга күн алыс барып турам.  

-- Октагондогу мелдеш сага кандай таасир калтырат?

-- Эрежесиз эр уруш мелдеши барып-барып кыргыз бренди болуп калышына үмүт артат. Анткени, кыргыз азаматтары ушул жаатта дүйнөнүн булуң-бурчтарында ийгилик жаратып жатканынан кабардармын. Нагыз эркектердин көзүнөн от, жүрөгүнөн жалын чачырап турушу керек.   


Блиц-анкета

Туулган жери – Бишкек

Жашы -16

Бою – 170 см.

Салмагы – 43 кг.

Параметрлер – 93-67-85

Билими – мектеп окуучусу

Эңсеп жеген тамагы – лагман

Суусундугу – лимонад

Бош убактысында – достор менен эс алат

Хоббиси – кийим тигүү


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер