» Саясат » Элибизди итке мингизбей, өкмөт алдын ала кризистен чыгуунун жолдорун издесин!
Элибизди итке мингизбей, өкмөт алдын ала кризистен чыгуунун жолдорун издесин!
19-август, 17:20
436 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кыргызстанда 2 миллион 200 миң адам жакырчылыкта жашаганы маалымдалган. Бул өтө жогорку көрсөткүч. Ай сайын азык-түлүккө, керектүү буюмдарга карата баалар өсүп атканы жашыруун эмес. Баарыбыз көрүп-билип, туюп жатабыз. Мындай шартта айлык акылар, пенсия көтөрүлбөй турат. Карапайым калк кыйналып жашоодо. Экономикалык абалыбыз мышык ыйлачудай, аракеттер кайсы бир деңгээлде көрүлүп атканы менен алдыга карай секирикти байкай элекпиз. Караңгыдан көз тапкан ачылыштарга бара алабызбы? Өкмөт мындай шартта алдын ала кризистен чыгуу үчүн программа жазып, кыйынчылыктан арылуунун жолдорун издеши зарыл. А болбосо кургуйга кете беребиз. Эртең кылычын сүйрөп кыш келет. Суукта жарык өчүп, элдин шайын кетирбейби? Андыктан, алдыдагы айларга, жылдарга карата бийлик чечкиндүү кадамдар менен элди багуунун жолдорун издеши керек.