Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алдамчы аялды калкалап, офицерди камакка алууга ким кызыкдар?

Алдамчы аялды калкалап, офицерди камакка алууга ким кызыкдар?

28-январь, 18:00
2 786 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2022-жылдын 17-январь күнү полковник Уланбек Аалиевдин баш коргоо чарасы тууралуу маселе Бишкек шаардык сотунда судьялар Ирина Воронцова, Нурлан Кожомбердиев жана Шарабидин Токтосунов (докладчик) тарабынан каралып, анда: 

1) Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 16-декабрындагы чечими күчүндө калтырылып, 

2) полковник Уланбек Аалиев 2022-жылдын 7-февралына чейин УКМКнын СИЗОсунда кармалмак болду. 

Эмнегедир бизге түшүнүксүз себептер боюнча, сот жабык режимде өтүп, У.Аалиевдин адвокатынан бөлөк кишини сот залына киргизишкен жок. Омбудсмендин өкүлү да эптеп жатып, чоң кыйынчылык менен сот залына киргизилди. 

Соттук процесстин учурунда полковник Уланбек Аалиевдин адвокаты «Уланбек Аалиевди камакка алуу учурунда Аскер прокуратурасы тарабынан процессуалдык нормаларды бузуу, ал эми баш коргоо чарасын кароодо Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан да айрым кемчиликтер болду» деген маалыматты берип, полковникти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирсе, жогоруда аты аталган судьялар анын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырышты.

Отуздан ашык үй-бүлөнү сызга отургузуп, алардын таман акы, маңдай тери менен тапкан эки миллиондон ашык долларын алдап алган Асыл Талипованы калкалоого жогорку жактагы жемкорлукка белчесинен баткан, элдин жонунан кайыш тилген чоңдор кызыкдар экени айтпаса да түшүнүктүү болуп турат. 

Асыл Талиповага акчасын алдаткандар акчасын алдатып бир күйсө, камакка алынып экинчи күйүп, алды 220 миң сомдон 260 миң сомго чейин айып пул төлөп үчүнчү күйүштү. 

Азыр алар УКМКнын Чүй бөлүмү да «крышасы» чоң алдамчы Асыл Талипованы жактап калганына нааразы болушууда. Кыскасы, биздин өлкөдө мыйзам өлүп, адам укуктары тап катары жоюлуптур. 

Өзүм жөнүндө айта турган болсом, күбө статусуна ээ болгон доочу Канатбек Дүйшөнбек уулу көрсөтмө берүүдөн качып, кайра Египетке кеткенине байланыштуу сот иши улам кийинкиге жылдырылып жатат. 

Эмне дейбиз? Улуттун руханий дөөлөтү болгон «Манас» эпосуна, Манас таануучуга, төкмө акынга, эреже катары улуту менен сыймыктанган нукура кыргыздар каршы чыкпайт. Мындай ишке улуттук баалуулуктарды чанган, өз өзөгүн саткан Абыке-Көбөштөр гана кызыкдар. 


Гүлзат Аалиева 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер