Акыркы кабарлар
» Саясат » Президенттик шайлоо күзгө дайындалары болжонууда
Президенттик шайлоо күзгө дайындалары болжонууда
30-январь, 22:48


Быйыл президенттик шайлоо өтөрү ачыкталып калды. Ага карата бир топ саясатчылар, эксперттер үн ката башташканы жөн жерден эмес. Баары тең бир кылка койдон жоош мүнөз күтүшүп, ыңгайга жараша божурашканы кызык. Команда берилгенби? Азырынча так күнү белгилене элек. Эски Конституция менен шайланган президенттин мөөнөтү 2027-жылдын январь айында бүтмөк. Бирок эртелеп эле коомдук пикирди түзүшүп, эксперттер шайлоону эрмектей башташканына караганда, аламанга ат коюу күзгө барат окшойт. Айталы, кышында кымбатчылыктан каржалып чыккан эл болсо, анан дароо жазында чоң саясый иш-чара башталып кетсе, бул кооптуу же тобокелдик эмеспи?..











