Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда желим баштык колдонууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда желим баштык колдонууга тыюу салуу сунушталды

13-июнь, 16:35
573 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектѳѳ жѳнүндѳгү” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комитетте каралды.

Мыйзам долбоорду иштеп чыккан депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, документ полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыянын азайтууну көздөйт. Ага ылайык, өлкө аймагында бир жолу колдонулчу желим баштыктарды алып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу сунушталууда.

Буга чейин айрым депутаттар Ысык-Көлдүн аймагына желим баштыктар менен идиштерди алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунушташкан.

Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим идиш колдонулары эсептелген эмес. Бирок өлкөдө желим буюм-тайым чыгарган жеке ишканалар көбөйгөн.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер