Атамбаев ызырынып, “түрмөдөн эле төңкөрүш жасайм” деп оолуктубу?..
Бүгүн ушундай кеп тарады. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дечү беле? Эске салсак, Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта жатып алып, төңкөрүш жасоо пландарын түзгөнү, каражатты арбын чачканы боюнча жазылып келген. Бирок, экс-президенттин айланасында жүргөн, буканын этин бурдагандардын арасынан агенттер атайын кызматтарга маалыматтарды жеткизип коюшуп, тилектери таш каап калбады беле?..
Эми болсо, батыштын долбоорлору жанданып, бейөкмөтчүлөр, активисттер соцтармактарда 25-ноябрь күнү Ала Тоо аянтына митингге чыкканы жатышат. Мыйзам боюнча алганда, 1-декабрга чейин акция, пикет-митинг уюштурууга Биринчи Май райондук соту тарабынан тыюу салынган болчу. Ага карабай эле жаалашып аткандарына караганда, түкшүмөл жараткан суроолор болууда. Кой-Таш окуясында буктары ичинде калган Атамбаевдин тарапташтары союл, таш, жоголгон куралдар менен түшүп келишпейби? Бул жагын укук коргоо органдары алдын-ала иликтөөсү зарыл.
Айталы, аты-жыты белгисиз активисттер жана бейөкмөтчүлөр удургуп атышат. Митингге чыгышарын, айгай салышарын алдыртан жар салышып. А эмне үчүн оппозициялык маанайдагы Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Камчыбек Ташиев өңдүү салмактуу саясатчылар унчукпай турушат. Себеби, береги “карт карышкырлар” саясаттын ой-кырын жакшы билишет, бөөдө чагымчылыкка учурап, башаламандыктын курмандыктарына айланууну каалашпайт да, туурабы? Эртең мыйзамсыз акцияга чыккандар кандай жазага кабылышарын билишпейби?..
Ким билет? Кой-Таштагы окуянын экинчи сценарийин кайталоо үчүн аракеттер көрүлүп жатабы? Атамбаевдин тарапташтары соцтармактарда активдүү иштеп калганда эле бир балээ болчу беле? Экс-президент түрмөдө жатса да каражатын арбын чачып, учурда пиар-идеологиялык иштерин кызуу жүргүзүп, дээрлик коомчулуктун маанайын бура баштады го? Суроолор арбын, түйүнү да чечилет…
Aryba.kg