Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарматова напсисин тыя албай, “Ата Журт Кыргызстан” фракциясын сөзгө калтырды

Нарматова напсисин тыя албай, “Ата Журт Кыргызстан” фракциясын сөзгө калтырды

11-январь, 13:15
2 736 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ата Журт Кыргызстан” партиясынын сүрмө тобу менен шайлоодон өтүп, депутат болгон Надира Нарматованы билесиңер да. Эрксизден баш чайкатты. Өткөн жумада депутаттарга квартира, автоунаа, эки жардамчы берилиши керектигин айтып, шарт түзүлбөсө иштөө кыйын экенин кошумчалады. Коллегаларынын таламын талашкандай түр жаратып, өз жанын ойлоп атканын карасаң?! Кантип эле депутат айлыкка карап калсын, о.э. үй-жайсыз, машинасы жок болсунБОМЖ парламентке өтө албайт да. Бул аял кичине окшоштурса не? Нарматова жеке жыргалчылыгы үчүн эки жардамчыны эшектей иштетсе, чалкалап өкмөттүн квартирасында жатса, машинеси менен чартаңбай тепсе, ушул керекпиСандырактап кетүүнү токтоткула! Учурда мамлекетибиз экономикалык каатчылыкка кабылып, элибиздин көпчүлүк катмары жакырчылыктан кыйналып жатышса, депутаттар комфорт жашоодо, жыргализмде жүрүшсө... Мындай кутургандыкка эч ким чыдабайт го? Кыскасы, акыл калчап иш кылышса. Ансыз да “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы Нарматованын айынан көпчүлүккө жек көрүнүп, сын-пикирге кабылды. Напси тыйылбаса кантебиз? Дагы далай “концерттерин” көрөт окшойбуз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер