Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чырайлуу эфир кызын тоого таштап, артымды карабай кеттим...

Чырайлуу эфир кызын тоого таштап, артымды карабай кеттим...

13-июнь, 17:43
1 189 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Эссе ордуна)

Экөөбүз бир кечеден кокусунан таанышып калганбыз. Көп өтпөй СМС жазышып, ынак болуп кеттик. Бир ирет түштөнүүгө да бардык. Күндөр өтүүдө. Ортобуздагы сый арта берди...

Мен адатымча Айсулууну (аты өзгөрдү) тоого чакырып, эс алып келүүнү сунуштадым. Макул болду. Алгач экөөбүз “12 каминовдон” тамак ичип, кичине “кычкыл суудан” сеп эттирдик. Андан ары “Теплые ключиге” жөнөдүк. Күн ачык, айдарым жел. Машинаны ылдыйлата токтотуп, тоого чыкканы калдык. Колумда көрпөчө-төшөк, закүскө, арак-шарабы бар. Бадалдуу черди аралай барып, ыңгайлуу жерден көчүк бастык. Саясат, журналистика, жандүйнө, Зеленский, Атамбаевден бери кеп салып, айтор, баарын сүйлөшүп отурабыз. Бир маалда Айсулуу кызып калды. Мен да алагүүмүн. Өнөктөшүмдү акырын кучактай кармап, жүзүнөн сүйүп, сандарынан сылап, “өнөрүмдү” баштадым. Жакшы эле эзилишип келип, турсийин чечейин (!) дегенде эле так секирет. “Башка күнү...” дейт кетенчиктеп. Ушундан артык башка учур болобу? Капчыгайдын салкын жели, карагай төр, бадалдар, арчалар... Шылдырап аккан булактын суусу. Шоокум. Кучагыңда сулуу кыз, ичти ысыткан “ачуу суу” дух берип атса... “Кел эми?” деп кайра имерем. Жибип баратып эле тартынып, эки бутун кайчылаштыра салат... “Мал болбойт экен” дедим ичимен. Ордуман турдум да, жорго салыш менен кыя тоодон ылдый жөнөдүм. “Байке, токтоңуз? Кайда баратасыз?!” деп Айсулуу чебелектей кыйкырган боюнча калды. Артымды караган жокмун. Машинага отуруп, Жусупжан акедей 150 граммды тартып ийдим да, шаарды көздөй бет алдым...

Кызыгы, 15 жыл мурда да бир сулууну Ала Арчанын тоосуна таштай качканымды эстедим. “Сени карышкыр жесин!” деп. Ал дагы эфир жылдызы эле...

Кыян Сары,

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер