Мелис Мырзакматов чала-була “кусуп”, кичине жели чыкты окшойт

Бийликке улам кошомат кылып, мактап-жактап жаткан Мелис Мырзакматов башка жегендей абалдабы? Байлыктарынын бир бөлүгүнөн ажырап, чала-була “кускандан” кийин кичине эсине келип, унчукпай отуруп калды окшойт. Жагалдануу менен шектүү мүлктөрүн, жерлерин сактай албады. Эми мындан ары таза жүрүп, акылына келеби? Ай ким билет? “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” дейт. Дагы башка айыптары суурулуп чыгып кетүүдөн сак-сактап, кайрадан кошомат кылуунун амалына өтсөчү? Бийлик төбөлдөрүнө мунун мактаганы, акылы да кереги жок. Тескери реакция берип атканын өзү сезбесе, билип-туйгандар нукуп койсо не? Айтор, убакыттын удулуна жараша кимдин ким экени тастыкталып, коомчулукка ачык жараян катары чагылдырылды. “Өлбөгөн төрт шыйрагы калды” дечү беле? Жер көтөрө берет тура...
"Азия Ньюс" гезити