Акыркы кабарлар
» Коом » АКШда COVID-19дан өлгөндөрдүн саны миллионго жакындады
АКШда COVID-19дан өлгөндөрдүн саны миллионго жакындады
15-декабрь, 18:59

Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 14-декабрда Кошмо Штаттарда өпкөнү сезгенткен коронавирустан кайтыш болгондордун саны 800 миңден ашты. Президент Жо Байден бул санды “трагедиялуу этап” деп атап, элди эмдөөдөн өтүүгө, коронавируска каршы эмделген адамдарды вакцинанын кошумча дозасын алууга чакырды.
“Кыш келип, жаңы вариант тооруп турган шартта биз бул вируска каршы чогуу күрөшүүнү улантышыбыз керек” деди Байден.
Америкада 200 миллиондой адам коронавируска каршы толук эмделди. Бул жалпы калктын 62 пайызын түзөт. Учурда COVID-19дан көз жумгандардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр.